Жашыя 13:1—33

  • Басып алыш керек болгон жерлер (1—7)

  • Иордандын чыгыш тарабындагы жерлерди бөлүштүрүү (8—14)

  • Рубейин уруусунун үлүшү (15—23)

  • Гат уруусунун үлүшү (24—28)

  • Менаше уруусунун чыгыштагы үлүшү (29—32)

  • Лебилердин үлүшү (33)

13  Жашыянын карылыгы жетип калганда,+ Жахаба ага: «Сен карып калдың, бирок силер ээлей турган жерлер али көп. 2  Ал жерлер булар:+ пелиштиликтер менен гешурлуктардын+ бүт жери 3  (Нил дарыясынын Мисирдин чыгыш жагындагы салаасынан* канаандыктарга таандык деп эсептелген түндүктөгү Экрондун жанындагы чек арага чейинки жерлер),+ анын ичинде Газаны, Азотту,+ Ашкелонду,+ Гатты,+ Экронду+ башкарган пелиштилик 5 башкаруучунун жери,+ түштүктөгү абымдардын жери,+ 4  канаандыктардын бүт жери, сидондуктарга+ таандык Меара жана аморлуктардын чек арасындагы Апекке чейинки жерлер, 5  гебалдыктардын+ жери, бүт Лебанон жеринин күн чыгыш тарабы, Хермон тоосунун этегиндеги Баал-Гаттан Лебо-Хаматка*+ чейинки жерлер, 6  тоолуу аймакта, Лебанондон+ тартып Мисрепот-Майымга+ чейинки жерлерде жашагандардын жана бүт сидондуктардын жери.+ Мен аларды ысрайыл элинин алдынан өзүм кууп чыгам.+ Сен болсо тек гана ал жерди, мен буйругандай, ысрайыл элине үлүшкө бөлүп бер.+ 7  Ал жерди 9 урууга жана Менаше уруусунун жарымына энчи катары бөлүп бер»,— деди.+ 8  Менаше уруусунун берки жарымы болсо Рубейин жана Гат уруулары менен чогуу Иордандын чыгыш тарабындагы Муса берген жерди энчиге алышкан болчу. Жахабанын кызматчысы Муса аларга берген жерлер булар:+ 9  Арнон өрөөнүнүн+ четиндеги Ароерден+ башталган жер, өрөөндүн ортосундагы шаар, Дибонго чейинки Медеба бөксө тоосунун баары, 10  аморлуктардын Хешпондо башкарган падышасы Сихондун Амондун урпактарынын чек арасына чейинки бардык шаарлары,+ 11  Гилат жери, гешурлуктар менен маахаттыктардын жери,+ бүт Хермон тоосу, Салхага чейинки+ бүт Башан жери,+ 12  Аштарот менен Эдрейде башкарган жана репаимдердин акыркысы болгон+ Башан падышасы Ок ээлик кылган жерлердин баары. Муса ал жерлерде жашагандарды жеңип алып, кууп жиберген болчу.+ 13  Бирок ысрайылдыктар гешурлуктар менен маахаттыктарды кууп чыгышкан жок.+ Алар азыркыга чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат. 14  Муса Леби уруусундагыларга гана үлүшкө жер берген эмес.+ Анткени Ысрайылдын Кудайы Жахаба өзү убада кылгандай,+ алардын үлүшү — Кудайга арналган өрттөлчү тартуулар.+ 15  Муса Рубейин уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүшкө жер бөлүп берген. 16  Аларга берилген жерлер булар: Арнон өрөөнүнүн четиндеги Ароерден башталган жерлер, өрөөндүн ортосундагы шаар, Медебанын жанындагы бөксө тоонун баары, 17  Хешпон жана бөксө тоодогу ага караштуу шаарлардын бардыгы,+ Дибон, Бамот-Баал, Бет-Баал-Меон,+ 18  Жаас,+ Кедемот,+ Мепат,+ 19  Кириатайым, Сибма,+ өрөөндөгү тоодо жайгашкан Серет-Шахар, 20  Бет-Пеор, Пазги+ тоосунун боорлору, Бет-Жешимот,+ 21  бөксө тоодогу шаарлардын баары жана аморлуктардын Хешпондо+ бийлик кылган падышасы Сихонго караштуу жерлердин баары. Муса Сихон падышаны жана ошол жакта жашаган Мидиан башчыларын: Сихонго баш ийген Эби, Рекем, Зур, Хур, Реба+ деген падышаларды өлтүргөн болчу.+ 22  Ысрайылдыктар кылыч менен өлтүргөндөрдүн арасында Беордун уулу төлгөчү+ Билам+ да бар болчу. 23  Рубейин уруусунун чек арасы Иордан болгон. Ал жердин баары шаарлары, айыл-кыштактары менен кошо Рубейин уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген. 24  Андан кийин Муса Гат уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүшкө жер бөлүп берген. 25  Аларга берилген жерлер булар: Жазер,+ Гилаттагы бүт шаарлар, Амондун тукумдарынын жеринин+ Раббанын+ тушундагы Ароерге чейинки жарымы, 26  Хешпондон+ Рамат-Миспе менен Бетонимге чейинки, Маханаимден+ Дебирдин чек арасына чейинки жерлер, 27  өрөөндөгү Бет-Арам, Бет-Нимра,+ Сукот,+ Сапон, Хешпондун падышасы Сихон ээлик кылган жерлердин калган бөлүгү.+ Гат уруусунун чек арасы Иордан менен Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизинин+ түштүк жээги болгон. 28  Ал жер шаарлары, айыл-кыштактары менен кошо Гат уруусундагы үй-бүлөлөргө берилген. 29  Андан кийин Муса Менаше уруусунун жарымына, алардын үй-бүлөлөрүнө үлүшкө жер бөлүп берген.+ 30  Аларга берилген жерлер булар: Маханаимден+ тартып бүт Башан жери, Башандын падышасы Ок ээлик кылган бүт жерлер, Жайырдын+ Башандагы бардык айыл-кыштактары*, 60 шаар. 31  Гилаттын жарымы жана Башандагы Ок падышалык кылган Аштарот, Эдрей+ деген шаарлар Менашенин уулу Махирдин урпактарына,+ башкача айтканда, Махирдин урпактарынын жарымына, алардын үй-бүлөлөрүнө берилген. 32  Муса ушул жерлерди аларга Жерихонун чыгышында, Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү Мааптын чөлдүү түздүктөрүндө жүрүшкөндө берген.+ 33  Ал эми Леби уруусундагыларга Муса үлүшкө жер берген эмес.+ Себеби алардын үлүшү — Ысрайылдын Кудайы Жахаба. Ал муну өзү убада кылган.+

Шилтемелер

Же: «Шихордон».
Же: «Хаматтын кире беришине».
Же: «чатырлуу айылдары».