Жашыя 20:1—9

  • Баш калкалоочу шаарлар (1—9)

20  Анан Жахаба Жашыяга мындай деди: 2  «Ысрайыл элине мындай деп айт: „Мен силерге Муса аркылуу айткан баш калкалоочу шаарларды бөлүп койгула.+ 3  Ал жакка кимдир бирөөнү атайылап эмес, кокусунан өлтүрүп алган киши качып барат. Ал шаарлар өлгөн кишинин кунун кууган адамдан баш калкалай турган шаарлар болот.+ 4  Бирөөнү өлтүрүп алган киши ошол шаарлардын бирине качып барсын+ да, анын дарбазасынын алдына туруп,+ эмне болгонун шаардын аксакалдарына айтып берсин. Ошондон кийин алар аны шаарына киргизип, жашай турган жер беришсин. Ошентип, ал алар менен жашап калат. 5  Эгер өлгөн адамдын кунун кууган киши анын артынан кууп келсе, шаар аксакалдары аны кууп келген кишинин колуна салып беришпесин, себеби ал тиги кишини жек көргөндүктөн эмес, кокусунан өлтүрүп алган.+ 6  Ал ошол шаарда жамааттын* алдында сот жүргүзүлгөнгө чейин жашап турсун.+ Анан күнөөсүз экени далилденсе, ал жакта калып, ошол учурдагы башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашасын.+ Андан кийин кайсы шаардан качып келсе, ошол шаарга, өз үйүнө кайтып барса болот“».+ 7  Ошондо алар Напталы уруусуна тийген тоолуу аймактагы Галилеядагы Кедешти,+ Эпрайым уруусуна тийген тоолуу аймактагы Шекемди,+ Жүйүт уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Кириат-Арбаны,+ башкача айтканда, Хебронду ошол максатта бөлүп коюшту*. 8  Андан сырткары, Иордандын аркы өйүзүнөн, Жерихонун чыгыш тарабынан Рубейин уруусуна караштуу бөксө тоодогу чөлдө жайгашкан Безерди,+ Гат уруусунун жеринен Гилаттагы Рамотту+ жана Менаше уруусуна караштуу Башандагы Голанды+ беришти.+ 9  Бул шаарлар ысрайыл эли менен алардын арасында жашаган бөтөн жерликтер үчүн баш калкалай турган шаарлар болот. Кимдир бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган адам жамааттын алдында сот жүргүзүлгөнгө чейин+ маркумдун кунун кууган кишинин колунан өлүп калбашы үчүн ошол шаарларга качып барат.+

Шилтемелер

Б. а. жамааттын өкүлдөрүнүн.
Же: «ыйыкташты».