Жашыя 21:1—45

  • Лебилерге берилген шаарлар (1—42)

    • Арундун урпактарынын шаарлары (9—19)

    • Кааттын урпактарынын шаарлары (20—26)

    • Гершондун урпактарынын шаарлары (27—33)

    • Мераринин урпактарынын шаарлары (34—40)

  • Жахабанын убадалары аткарылат (43—45)

21  Леби уруусундагы урук башчылар дин кызматчы Элазарга,+ Нундун уулу Жашыяга, ысрайыл элинин башка урук башчыларына, 2  Канаан жериндеги Шилого+ барып: «Жахаба Муса аркылуу бизге жашаганга шаарлар менен малыбызга алардын тегерегиндеги жайыттар берилсин деп буйрук кылган болчу»,— дешти.+ 3  Ошондо ысрайыл эли, Жахабанын буйругу боюнча, өздөрүнүн жеринен лебилерге шаарларды,+ алардын тегерегиндеги жайыттарды берди.+ 4  Өкчөмө таш ыргытканда адегенде Кааттын+ тукумдарына түшүп, дин кызматчы Арундун урпактарынан болгон лебилерге Жүйүт,+ Шымон,+ Бенжемин урууларынын+ жеринен 13 шаар тийди. 5  Ал эми Кааттын калган урпактарына Эпрайым уруусуна,+ Дан уруусуна, Менаше уруусунун жарымына таандык жерлерден 10 шаар тийди.+ 6  Гершондун урпактарына+ Исахар уруусуна, Ашыр уруусуна, Напталы уруусуна, Менаше уруусунун жарымына, тактап айтканда, Башандагы Менаше уруусуна таандык жерлерден 13 шаар тийди.+ 7  Мераринин урпактарынын+ үй-бүлөлөрүнө болсо Рубейин, Гат, Забулун урууларына таандык жерлерден 12 шаар тийди.+ 8  Ошентип, Жахаба Мусага буйрук кылгандай, өкчөмө таш ыргытылып, ысрайылдыктар лебилерге шаарларды жана алардын тегерегиндеги жайыттарды беришти.+ 9  Аларга Жүйүт, Шымон урууларынын жеринен төмөндөгү шаарлар берилди.+ 10  Шаарларды Леби уруусундагы Кааттын урпактарынан болгон Арундун тукумдары биринчи болуп алмай болушту. Себеби өкчөмө таш биринчи болуп ошолорго түштү. 11  Аларга Кириат-Арбаны*+ (Арба Анактын атасы болгон), башкача айтканда, Жүйүттүн тоолуу аймагындагы Хебронду+ жана анын тегерегиндеги жерлерди беришти. 12  Ал эми шаарга караштуу талаа менен айыл-кыштактар Жепундун уулу Калепке берилген болчу.+ 13  Дин кызматчы Арундун урпактарына кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды,+ атап айтканда, Хебронду+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Либна+ менен анын тегерегиндеги жерлерди, 14  Жатирди,+ Эштемону+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 15  Холонду,+ Дебирди+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 16  Айынды,+ Жутахты,+ Бет-Шемешти жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан эки уруунун 9 шаарын беришти. 17  Ал эми Бенжемин уруусунун жеринен Гибонду,+ Гебаны жана алардын тегерегиндеги жерлерди,+ 18  Анатотту,+ Алмонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 19  Дин кызматчыларга, Арундун урпактарына, баары биригип 13 шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди.+ 20  Ал эми Кааттын урпактарынан болгон калган лебилердин үй-бүлөлөрүнө өкчөмө таш ыргытылганда Эпрайым уруусунун жериндеги шаарлар тийди. 21  Аларга кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды,+ атап айтканда, Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Шекемди+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Гезер+ менен анын тегерегиндеги жерлерди, 22  Кипсаимди, Бет-Оронду+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 23  Дан уруусунун жеринен Элтекени, Гиптонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 24  Айлонду,+ Гат-Римонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 25  Менаше уруусунун жарымына таандык жерден Таанахты,+ Гат-Римонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 2 шаар беришти. 26  Кааттын урпактарынын калган үй-бүлөлөрүнө баары биригип 10 шаар тегерегиндеги жерлер менен кошо берилди. 27  Леби уруусунан болгон Гершондун урпактарына+ Менаше уруусунун жарымына таандык жерден 2 шаарды: кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды, атап айтканда, Башандагы Голанды+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Беиштераны жана анын тегерегиндеги жерлерди беришти. 28  Исахар уруусунун жеринен+ Кишионду, Дабератты+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 29  Жармутту, Эн-Ганимди жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 30  Ашыр уруусунун жеринен+ Мишалды, Абдонду жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 31  Хелкатты,+ Рекопту+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 32  Напталы уруусунун жеринен 3 шаарды: кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды,+ атап айтканда, Галилеядагы Кедешти+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Хамот-Дорду, Картанды жана алардын тегерегиндеги жерлерди беришти. 33  Гершондун тукумдарынын үй-бүлөлөрүнө баары биригип 13 шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди. 34  Калган лебилерге, Мераринин урпактарына,+ Забулун уруусунун жеринен+ Жокнеямды,+ Картаны жана алардын тегерегиндеги жерлерди, 35  Димнаны, Нахалалды+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 36  Рубейин уруусунун жеринен Безерди,+ Жаасты жана алардын тегерегиндеги жерлерди,+ 37  Кедемотту, Мепатты жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 38  Гат уруусунун жеринен+ кимдир бирөөнү өлтүрүп алган киши баш калкалай турган шаарды, атап айтканда, Гилаттагы Рамотту+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, Маханаимди+ жана анын тегерегиндеги жерлерди, 39  Хешпонду,+ Жазерди+ жана алардын тегерегиндеги жерлерди, жалпысынан 4 шаар беришти. 40  Мераринин урпактарынан болгон калган лебилердин үй-бүлөлөрүнө баары биригип 12 шаар тийди. 41  Лебилерге ысрайылдыктардын жеринен бардыгы биригип 48 шаар жана алардын тегерегиндеги жерлер берилди.+ 42  Ал шаарлардын ар биринин тегерегинде өзүнө таандык жерлер бар болчу. 43  Ошентип, Жахаба ысрайыл элине алардын ата-бабаларына берем деп ант берген жердин баарын берди.+ Алар ал жерди ээлеп, ошол жерде жашап калышты.+ 44  Андан сырткары, Жахаба аларды, ата-бабаларына ант бергендей эле, айланасындагы душмандарынан коргоп, тынчтык берди.+ Душмандарынын бири да аларга туруштук бере алган жок.+ Жахаба алардын колуна бардык душмандарын салып берди.+ 45  Жахаба ысрайыл элине убада кылган жакшы нерселердин бири да аткарылбай калган жок, баары аткарылды.+

Шилтемелер

Мааниси: «Арбанын шаары».