Жылнаама 2-китеп 10:1—19

  • Ысрайылдыктар Рехабамга каршы чыгат (1—19)

10  Рехабам Шекемге+ барды, анткени бүт ысрайыл эли аны падыша кылыш үчүн ошол жерге чогулган болчу.+ 2  Небаттын уулу Жеробам+ бул жөнүндө угары менен Мисирден кайтып келди. (Ал Сулайман падышадан качып кеткен боюнча дагы деле Мисирде жүргөн эле.)+ 3  Ошондо эл аны чакыртыш үчүн киши жиберди. Анан аны менен бүт ысрайыл эли Рехабамга келип: 4  «Атаң бизге оор жүк артып, жашообузду азаптуу кылып жиберген.+ Эми сен атаңа окшоп көптү талап кылбай, жүгүбүздү* жеңилдет, ошондо сага кызмат кылабыз»,— дешти. 5  Рехабам аларга: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деди. Эл тарап кетти.+ 6  Рехабам падыша атасы Сулайманга кызмат кылган аксакалдардан: «Элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?» — деп сурады. 7  Алар: «Эгер бул элге жакшы мамиле кылсаң, көңүлүн алып, жылуу-жумшак жооп берсең, алар сага ар дайым кызмат кылышат»,— дешти. 8  Бирок ал аксакалдардын кеңешин четке кагып, өзү менен чогуу чоңойгон, өзү теңдүү кызматчылары менен кеңешип,+ 9  алардан: «„Атаң мойнубузга арткан жүктү жеңилдет“,— деп келген элге эмне деп жооп берейин? Силер кандай дейсиңер?» — деп сурады. 10  Чогуу чоңойгон теңтуштары ага: «„Атаң мойнубузга оор жүк артып, жашообузду азаптуу кылып жиберген, эми сен аны жеңилдет“,— деп келген элге: „Менин чыпалагым атамдын белинен жоон. 11  Атам силерге оор жүк арткан болсо, мен аны ого бетер оордотом. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен тиштери бар камчы менен жазалайм“,— деп айт»,— дешти. 12  Рехабам падышанын: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деген буйругуна ылайык, Жеробам менен бүт эл үч күндөн кийин кайра ага келди.+ 13  Падыша аларга орой жооп берди. Ошентип, аксакалдардын кеңешин укпай койду. 14  Өзү теңдүүлөр кеңеш кылгандай, ал: «Мен жүгүңөргө жүк кошуп, аны ого бетер оордотом. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен тиштери бар камчы менен жазалайм»,— деди. 15  Ошентип, падыша элди укпай койду. Анткени чыныгы Кудай Жахаба, өзүнүн шилолук Ахия+ пайгамбар аркылуу Небаттын уулу Жеробамга айткан сөзү аткарылышы үчүн, ушундай кылды.+ 16  Падыша укпай койгондуктан, бүт ысрайылдыктар* ага: «Дөөтүдөн алчу үлүшүбүз бар беле? Жышайдын уулунан бизге кандай мурас тиймек эле? Ысрайылдыктар, ар бириңер өз кудайларыңарга кайткыла! Дөөтүнүн урпактары, өз камыңарды өзүңөр көргүлө!»+ — дешти да, баары үйлөрүнө тарап кетишти.+ 17  Бирок Рехабам Жүйүт уруусуна таандык шаарларда жашаган ысрайылдыктарга бийлик кыла берди.+ 18  Бир жолу ал падышанын ишин кылганга милдеттүү болгон жумушчулардын башчысы Хадорамды*+ ысрайылдыктарга бир иш менен жиберди, бирок алар аны таш бараңга алып өлтүрүп коюшту. Рехабам арабасына түшүп, Иерусалимге качып кетти.+ 19  Ысрайылдыктар ушул күнгө чейин Дөөтүнүн урпактарына каршы.

Шилтемелер

Же: «азабыбызды».
Сыягы, Ысрайылдын 10 уруусунан турган түндүк падышалыгын билдирет.