Жылнаама 2-китеп 15:1—19
-
Аса жасаган иштер (1—19)
15 Одеттин уулу Азария пайгамбарга Кудайдын ыйык руху* таасир эткендиктен,
2 ал Асанын алдынан чыгып: «Аса, мага кулак сал! Жүйүт менен Бенжемин уруусундагылардын баары, сөзүмө кулак салгыла! Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот.+ Эгер аны издесеңер, табасыңар*,+ ал эми аны таштай турган болсоңор, ал да силерди таштап коёт.+
3 Ысрайыл көп убакыт бою чыныгы Кудайы, аларды үйрөткөн дин кызматчысы, мыйзамы жок жашап келген.+
4 Бирок башына кыйынчылык түшкөндө алар Жахаба Кудайына кайрылып келишкен, аны издешкен. Ошондо ал аларга өзүн тапканга жол берген.+
5 Ошол кездерде ал жердегилер өз ара тынчтыкта жашабагандыктан, эч ким коркпой жол жүрө алчу эмес.
6 Кудай ар кандай кырсык-каргашаларды жиберип, ал жакта жашаган элди дүрбөлөңгө салгандыктан, алар бири-бири менен согушуп, бир шаар экинчи шаарга каршы чыга берчү.+
7 Эми силер бекем болгула, ындыныңарды өчүрбөгүлө,+ анткени кылган иш-аракетиңер үчүн сыйлык аласыңар»,— деди.
8 Азариянын ушул сөздөрүн жана Одет пайгамбардын айткандарын угары менен Аса кайраттанып калды. Ал Жүйүт+ менен Бенжемин урууларына таандык бүт жерлердеги жана Эпрайым уруусунун тоолуу аймагындагы өзү басып алган шаарлардагы жийиркеничтүү буркандарды жок кылды, Жахабанын ибадатканасындагы мунаранын алдындагы Жахабанын курмандык жайын кайра курду.+
9 Жүйүт менен Бенжемин уруусундагылардын баарын чогултту. Эпрайым, Менаше жана Шымон+ урууларына таандык жерлерден келген көптөгөн адамдарды да чогултту. Алар Асаны Жахаба Кудайы колдоп жатканын көрүп, Ысрайылдан көчүп келишкен эле.
10 Ошентип, алар Иерусалимге Асанын башкаруусунун он бешинчи жылынын үчүнчү айында чогулушту.
11 Ошол күнү алар олжолоп келген малдан Жахабага арнап курмандыкка 700 бодо мал, 7 000 кой чалышты.
12 Анан ата-бабаларынын Кудайы Жахабага бүт жүрөгү, бүт жаны менен кызмат кылабыз деп келишим түзүштү.+
13 Эгер кимде-ким Ысрайылдын Кудайы Жахабага кызмат кылбаса, ал улуу болобу же кичүү болобу, эркек болобу же аял болобу, өлүм жазасына тартылмак.+
14 Ошон үчүн алар ошол келишимди сактайбыз деп кубанып-шаттанып, сурнайлар менен мүйүз сурнайлардын коштоосунда үнүн бийик чыгарып Жахабага ант беришти.
15 Жүйүт жеринде жашагандардын баары ант бергенине кубанып жатышты. Анткени алар чын жүрөктөн ант берип, Кудайдан жетектешин чын көңүлдөн сурангандыктан, ал алардын үнүн укту.+ Жахаба аларды айланасындагы душмандарынын баарынан коргоп, тынчтык берди.+
16 Аса атүгүл чоң энеси Мааханы+ канышалык наамынан ажыратты. Себеби ал ыйык деп эсептелген мамыга сыйыныш үчүн жийиркеничтүү буркан жасаган болчу.+ Аса ал бурканды кыйып, майдалап, Кидрон өрөөнүндө өрттөп салды.+
17 Бирок Ысрайылдагы+ сыйына турган бийик жерлер* жок кылган жок.+ Анткен менен Аса өмүрү өткүчө Кудайга бүт жүрөгү менен берилип кызмат кылды.+
18 Ал чыныгы Кудайга атасы арнаган нерселер менен өзү арнаган нерселерди: алтын-күмүштү жана башка ар кандай буюм-тайымдарды Кудайдын ибадатканасына киргизди.+
19 Асанын башкаруусунун отуз бешинчи жылына чейин Жүйүт жеринде согуш болгон жок.+