Жылнаама 2-китеп 24:1—27

  • Жааш бийлик жүргүзөт (1—3)

  • Жааш ибадаткананы оңдотот (4—14)

  • Жааш Кудайдан алыстайт (15—22)

  • Жааш киши колдуу болуп өлөт (23—27)

24  Жааш 7 жашында такка отуруп,+ Иерусалимде 40 жыл бийлик кылды. Энесинин аты Зибиа болчу, ал Беир-Шебадан+ эле. 2  Дин кызматчы Жоят тирүү кезде, Жааш Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды.+ 3  Жоят ага 2 аял алып берди. Алар ага уул-кыздарды төрөп беришти. 4  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Жааштын жүрөгүндө Жахабанын ибадатканасын оңдогонго каалоо пайда болду.+ 5  Ошон үчүн дин кызматчылар менен лебилерди чогултуп, аларга: «Жүйүт жериндеги шаарларды кыдырып, Кудайыңардын ибадатканасын оңдош үчүн бүт ысрайылдыктардан акча чогулткула.+ Жыл сайын ошенткиле. Бул ишти создуктурбай аткаргыла»,+— деди. Бирок лебилер шашпай жүрүп алышты. 6  Ошондо падыша жогорку дин кызматчы Жоятты чакырып:+ «Эмнеге лебилерден Жүйүт жери менен Иерусалимде жашагандардан ыйык салыкты чогулткула деп талап кылбай жатасыз? Алар Жахабанын кызматчысы Муса буйрук кылган,+ ысрайыл жамааты келишим сандыгы турган ыйык чатырга бериши керек болгон ал салыкты чогултушу керек эмес беле!+ 7  Ыймансыз Аталеянын+ уулдары чыныгы Кудай+ Жахабанын ибадатканасына кирип барып, ал жактагы ыйык нерселердин баарын алып, Баалдарга сыйынганда колдонушканын өзүңүз деле билесиз да»,— деди. 8  Ошондо падышанын буйругу менен куту жасап,+ аны Жахабанын ибадатканасынын дарбазасынын алдына коюшту.+ 9  Андан кийин чыныгы Кудай Жахабанын кызматчысы Муса ысрайылдыктарга чөлдө жүргөндө буйрук кылган ыйык салыкты+ Кудайга арнап алып келиши керектигин бүт Жүйүт жери менен Иерусалимге жарыя кылышты. 10  Төрөлөр менен элдин баары кубанып,+ тартууларын куту толгончо алып келип жатышты*. 11  Кутуга көп акча чогулуп калганда, лебилер аны падышага алып барышчу. Анан падышанын катчысы менен жогорку дин кызматчынын жардамчысы келип, кутуну бошотуп,+ кайра ордуна коюп коюшчу. Күн сайын ошентишчү. Акыры, аябай көп акча чогулду. 12  Падыша менен Жоят акчаны Жахабанын ибадатканасындагы кызматка байланышкан иштерге көзөмөл кылгандарга беришти. Алар болсо Жахабанын ибадатканасын+ калыбына келтириш үчүн таш сомдогондорду, усталарды жана Жахабанын ибадатканасын оңдогонго темир усталар менен жез усталарды жалдашты. 13  Көзөмөл кылганга дайындалгандар ишке киришип, жумуш тез жыла баштады. Ошентип, чыныгы Кудайдын ибадатканасын оңдоп, толугу менен калыбына келтиришти. 14  Жумуштардын баары бүткөндөн кийин, калган акчаны падыша менен Жоятка алып келип беришти. Аны Жахабанын ибадатканасында колдонула турган буюм-тайымдарды, кызматка колдонулчу жана курмандыктарды чалганда керектелчү буюм-тайымдарды, чөйчөктөрдү, алтын-күмүш буюмдарды жасаганга жумшашты.+ Жоят тирүү кезде, Жахабанын ибадатканасында бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар дайыма чалынып турду.+ 15  Жоят жашаарын жашап, ичерин ичип, 130 жашында көз жумду. 16  Сөөгүн Дөөтүнүн шаарына, падышалар коюлган жерге коюшту,+ анткени ал Ысрайылда чыныгы Кудай менен анын ибадатканасы үчүн жакшы иштерди жасаган болчу.+ 17  Жояттын көзү өткөндөн кийин, Жүйүттүн төрөлөрү падышага келип, таазим кылышты. Ошондон тартып падыша аларды уга баштады. 18  Убакыттын өтүшү менен эл ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын ибадатканасын таштап, ыйык мамылар менен буркандарга кызмат кыла башташты. Ошондуктан алардын күнөөсү үчүн Жүйүт менен Иерусалимдин элине Кудайдын каары кайнады. 19  Жахаба аларды өзүнө кайрып келиш үчүн пайгамбарларды жиберип турду. Алар элге эскертип жатышты, бирок эл аларды уккусу келген жок.+ 20  Ошондо дин кызматчы Жояттын уулу+ Закарыяга Кудайдын ыйык руху таасир этип, ал бийик жерге турду да, элге: «Чыныгы Кудай: „Эмнеге Жахабанын осуяттарын бузуп жатасыңар? Ушинте берсеңер, ишиңер оңолбойт. Силер Жахабаны таштап койгондуктан, ал да силерди таштап коёт“,+— деп жатат»,— деди. 21  Бирок эл өз ара сүйлөшүп алып,+ падышанын буйругу менен аны Жахабанын ибадатканасынын+ короосунда таш бараңга алды. 22  Ошентип, Жааш Жояттын ага кылган жакшылыгын* эстебей, анын уулу Закарыяны өлтүртүп салды. Закарыя үзүлүп баратып: «Ушул кылган ишиң үчүн Жахаба сени жоопко тартсын»,+— деп айтты. 23  Кийинки жылдын башында сириялыктардын аскери Жааш менен согушканы келип, Жүйүт жери менен Иерусалимге кол салды.+ Алар элдин арасындагы төрөлөрдүн+ бардыгын өлтүрүп, олжолоп алган мүлктүн баарын Дамаскка, падышасына жөнөтүп жиберишти. 24  Кол салган сириялык аскерлер аз болсо да, Жахаба көп сандаган жүйүт аскерлерин алардын колуна салып берди,+ себеби алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап коюшкан болчу. Ошентип, Жааш сириялыктар аркылуу жазасын алды. 25  Алар кеткенден кийин, Жааш катуу жарадар болуп жатканда*, кызматчылары андан дин кызматчы Жояттын уулдарынын*+ каны үчүн өч алабыз деп өз ара сүйлөшүп алышты да, аны төшөктө жаткан жеринен өлтүрүп салышты.+ Жааштын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына+ коюшту, бирок падышалар коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту.+ 26  Аны өлтүрөбүз деп сүйлөшүп алгандар+ Амондун тукумдарынан болгон Шимат деген аялдын уулу Забат менен мааптык Шимрит деген аялдын уулу Жеозабат болчу. 27  Жааштын уулдары жана Жаашка каршы айтылган көптөгөн өкүмдөр жөнүндө,+ анын чыныгы Кудайдын ибадатканасын калыбына келтиргени тууралуу+ падышалар жөнүндөгү китепте жазылгандарда* баяндалган. Анын ордуна уулу Амазия падыша болду.

Шилтемелер

Же балким: «баары берип бүткөнгө чейин».
Сөзмө-сөз: «көрсөткөн туруктуу сүйүүсүн».
Же: «көп дартка чалдыгып, ооруп жатканда».
Же: «уулунун». Сыягы, бул сөз пайгамбар жана дин кызматчы болгон Закарыянын кадыр-баркын баса белгилеш үчүн көптүк санда берилген.
Же: «китептеги баяндарда; түшүндүрмөлөрдө».