Жылнаама 2-китеп 28:1—27
28 Ахаз+ 20 жашында такка отуруп, Иерусалимде 16 жыл падышалык кылды. Ал чоң аталарынан болгон Дөөтүдөй болгон жок, Жахабанын көз алдында туура эмес иштерди кылды.+
2 Ысрайылдын падышаларынын жолун жолдоду,+ атүгүл Баалдардын айкелдерин куйдурду.+
3 Ал Жахаба ысрайылдыктардын алдынан кууп чыккан элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылып,+ Ином өрөөнүндө* курмандык түтүнүн түтөтүп, өз уулдарын курмандык катары отко салды*.+
4 Андан тышкары, сыйына турган бийик жерлерде,+ дөбөлөрдө, ар бир шактуу дарактын түбүндө курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтө берди.+
5 Ошондуктан Жахаба Кудайы Ахаз падышаны Сирия падышасынын+ колуна салып берди. Сириялыктар аны жеңип, көп кишисин Дамаскка+ туткундап кетишти. Кудай аны Ысрайылдын падышасынын да колуна салып берди, ал ага катуу сокку уруп, көп кишисин өлтүрдү.
6 Ысрайылдын падышасы Ремалия уулу Пеках+ бир күндө эле жүйүттөрдүн 120 000 эр жүрөк жоокерин өлтүрдү, анткени алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап коюшкан эле.+
7 Эпрайым уруусундагы Зихри деген жоокер болсо падышанын Маасея деген уулун, ак сарай башчысы Азрикамды, падышадан кийинки эле абалды ээлеген Элкананы өлтүрдү.
8 Андан сырткары, ысрайылдыктар жүйүт туугандарынын 200 000 кишисин: аялдарын, уулдары менен кыздарын туткундап, көп мал-мүлкүн Самарияга+ олжолоп кетишти.
9 Ал жакта Жахабанын Одет деген пайгамбары бар эле. Ал Самарияга кайтып келаткан аскерлердин алдынан чыгып: «Сөзүмө кулак салгыла! Ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба жүйүттөргө каардангандыктан аларды колуңарга салып берген болчу.+ Силер болсо тим эле каарыңарды төгүп, аларды ырайымсыздык менен өлтүрдүңөр! Мунуңарды Кудай да көрдү.
10 Эми болсо Жүйүт менен Иерусалимдин элин өзүңөргө кул, күң кылганы жатасыңар.+ Эмне, өзүңөр Жахаба Кудайыңардын алдында эч качан күнөө кылган эмес белеңер?
11 Сөзүмө кулак салып, туткундап келген боордошторуңарды коё бергиле, анткени Жахабанын силерге каары кайнап жатат»,— деди.
12 Муну укканда Эпрайым уруусундагы башчылардын айрымдары, атап айтканда, Жахонандын уулу Азария, Мешилемоттун уулу Берекия, Шалумдун уулу Жехиския жана Хадлайдын уулу Амаса согуштан кайтып келаткан жоокерлердин алдын тосуп:
13 «Туткундарды бул жакка алып келбегиле, болбосо Жахабанын алдында айыптуу болуп калабыз. Эмне, бизди ого бетер айыптуу кылып, күнөөлөрүбүзгө күнөө кошкону жатасыңарбы? Ансыз деле күнөөбүз көп болуп, Кудай ысрайылдыктарга каарданып жатат»,— дешти.
14 Ошондо жоокерлер туткундар менен олжону+ төрөлөр менен элге тапшырышты.
15 Аты аталып дайындалган кишилер кийими жок туткундардын баарына олжолоп алган кийимдерден берип, сандал кийгизип, курсагын тойгузуп, суусунун кандырып, денесине сүйкөгөнгө май беришти. Анан алсырап калгандарын эшекке мингизип, баарын курма дарактары өскөн Жерихо шаарындагы туугандарына алып барышты да, өздөрү кайра Самарияга кайтышты.
16 Ошол убакта Ахаз падыша Ашур* падышаларынан жардам сурады.+
17 Эдомдуктар Жүйүт жерине дагы келип, сокку уруп, тургундарын туткундап кетишти.
18 Пелиштиликтер+ болсо Жүйүт жериндеги Шепела+ менен Негептеги шаарларга кол салып, Бет-Шемешти,+ Айлонду,+ Гедеротту, Сокону жана ага караштуу шаарларды, Тимна+ менен Гимзону жана аларга караштуу шаарларды басып алып, ошол жерлерге отурукташып алышты.
19 Ошентип, Жахаба жүйүттөрдү басынтты. Анткени алар Ысрайылдын* падышасы Ахаздын айынан Жахабага баш ийбей, көп күнөө кылышты.
20 Кийинчерээк Ахазга Ашур падышасы Тилгатпилнесер*+ келди. Бирок ал ага жардам бербей эле, кайра кысым көрсөтө баштады.+
21 Ошондо Ахаз Жахабанын ибадатканасындагы, падыша сарайы+ менен төрөлөрдүн үйүндөгү буюмдардын баарын алып, Ашур падышасына белекке берди, бирок андан да эч майнап чыккан жок.
22 Ашур падышасы кысым көрсөткөн убакта, Ахаз падыша Жахабанын алдында мурдагыдан да жаман иштерди кыла баштады.
23 Сириядагы Дамасктын+ кудайларына сыйынгандар ага катуу сокку уруп+ жаткандыктан, ал: «Сирия падышаларынын кудайлары аларга жардам берип жатышат. Эгер ошол кудайларга курмандык чалсам, мага да жардам беришет»+ — деп ойлоп, аларга курмандык чала баштады. Бирок ошол кудайлардын айынан өзү да, бүт Ысрайыл да ого бетер зыян тартты.
24 Ахаз чыныгы Кудайдын ибадатканасындагы буюмдардын баарын чогултуп,+ талкалап салды. Анан Жахабанын ибадатканасынын эшиктерин бекитип,+ Иерусалимдин ар кайсы бурчуна курмандык жайларын курду.
25 Башка кудайларга+ курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн Жүйүт жеринин бардык шаарларында сыйына турган бийик жерлерди жасап, ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны капалантты.
26 Ахаздын жашоосунда болгон башка окуялар, анын кылган иштеринин баары башынан аягына чейин Жүйүттүн падышалары менен Ысрайылдын падышалары жөнүндөгү китепте жазылган.+
27 Акыр-аягы, ал көз жумду. Сөөгүн Иерусалим шаарына коюшту, бирок Ысрайыл падышалары коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту.+ Анын ордуна уулу Хиския падыша болду.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «оттон өткөрдү».
^ Ассирия.
^ Жылнаама жазылган 2-китептин бир нече жеринде «Жүйүт» деген кууш маанидеги сөздүн ордуна «Ысрайыл» деген кеңири маанидеги сөз колдонулат.
^ Же: «Тиглатпаласар».