Забур 140:1—13

  • Жахаба — кудуреттүү Куткаруучу

    • Зөөкүр кишилер жыландай (3)

    • Жамандык зөөкүрлөрдүн түбүнө жетет (11)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 140  Оо, Жахаба, мени жаман адамдардан куткар,Зөөкүр кишилерден сакта.+  2  Алар жамандык кылууну ойлошот,+Эртеден кечке мага сокку урушат.  3  Тилин курчутуп, жыландыкындай кылышат,+Сөздөрү мүйүздүү жыландын уусундай.+ (Села)  4  Оо, Жахаба, мени ыймансыздын колунан куткар,+Мага зыян келтирүүнү ойлоп жүргөндөрдөн,Зөөкүрлөрдөн корго.  5  Бой көтөргөндөр жашыруун тузак тартып,Жолума тор жайып жатышат.+ Мага кылтак салып жатышат.+ (Села)  6  Мен болсо Жахабага: «Сен менин Кудайымсың,Оо, Жахаба, жардам сурап зарлаган үнүмө кулак сал»,— дейм.+  7  Оо, Эгедер Теңир Жахаба, кубаттуу Куткаруучум,Сен согуш күнүндө башымды калкалайсың.+  8  Оо, Жахаба, ыймансыздарды тилегине жеткирбе,Бой көтөрбөшү үчүн, амалдарын ишке ашырганга жол бербе.+ (Села)  9  Мени курчагандардын оозунан чыккан жамандыгыӨздөрүнүн башына түшсүн.+ 10  Алардын үстүнө чок жаасын,+Алар отко ташталсын,Терең аңга* ташталып,+Кайра эч качан чыга албасын. 11  Жалаачыга жер үстүнөн орун табылбасын,+Зөөкүрлөрдүн артынан жамандык сая түшүп, түбүнө жетсин. 12  Жахабанын бей-бечараны коргой турганын,Жакырга болушуп, акыйкаттык кыларын билем.+ 13  Адил адам ысмыңды даңктайт,Чынчыл адам ар дайым сага жакын болот.+

Шилтемелер

Же: «Суу толгон аңга».