Накыл сөздөр 28:1—28
28 Ыймансыздар артынан эч ким кубалабаса деле качышат,Ал эми адил адамдар арстандай* тайманбас.+
2 Өлкөдө мыйзам бузулганда*, төрө артынан төрө алмашат,+Ал эми иш билги, кыраакы кеңешчинин жардамы менен төрө узакка бийлик кылат.+
3 Түшүмдүн баарын жууп кеткен жамгыр кандай болсо,Бей-бечараларды алдап пайда көргөн жакыр да ошондой.+
4 Мыйзамдан* четтегендер ыймансызды макташат,Ал эми мыйзамды аткаргандар аларга нааразы болушат.+
5 Кыянаттык кылгандар адилеттикти түшүнө албайт,Ал эми Жахабаны издегендер баарын түшүнө алат.+
6 Туура эмес жолдо жүргөн байга карагандаКынтыксыз жүргөн кедей жакшы.+
7 Акыл-эстүү уул мыйзамга* карманат,Ал эми соргоктор менен достошкон уул атасын уятка калтырат.+
8 Ким үстөк алып,+ байлыгын арам жол менен көбөйтсө,Аны бей-бечараларга кайрымдуулук кылган бирөө үчүн топтойт.+
9 Ким мыйзамды* уккусу келбесе,Анын атүгүл тиленгени да Кудай үчүн жийиркеничтүү.+
10 Чынчылдарды жаман жолго азгырган киши казган оруна өзү түшөт,+Ал эми кынтыксыз адамдар жакшы нерселерди мурасташат.+
11 Бай киши өзүн акылман эсептейт,+Бирок кыраакы кедей анын чынында кандай экенин билет.+
12 Адил кишилер гүлдөп-өскөндө, шаттык болот*,Ал эми ыймансыздар бийликке келгенде, эл жашынат.+
13 Күнөөлөрүн жашырган киши ийгиликке жетпейт,+Ал эми мойнуна алып, аларды таштаганга ырайым кылынат.+
14 Жаман иш кылбаш үчүн дайыма сак жүргөн* киши бактылуу,Ал эми тоң моюн киши кырсыкка кабылат.+
15 Арылдаган арстан, атырылган аюу кандай болсо,Бечара элди бийлеген ыймансыз башкаруучу да ошондой.+
16 Жол башчыга кыраакылык жетишпесе, бийлигин кыянат колдонот,+Ал эми арам оокатты жек көргөн өз өмүрүн узартат.+
17 Кимдир бирөөнүн канына забын болгон киши көргө түшкөнчө качып жүрөт.+
Андай кишини эч ким колдобосун.
18 Кынтыксыз жүргөн балээден куткарылат,+Ал эми тетири жолдо жүргөн капыстан балээге кабылат.+
19 Жерин иштеткен нанга тоёт,Ал эми пайдасыз нерселердин артынан түшкөн жокчулукка тоёт.+
20 Ишеничтүү киши мол бата алат,+Ал эми байыганга ашыккан киши күнөө кылбай койбойт.+
21 Бейкалыстык кылуу жакшы эмес,+Бирок киши бир кесим нан үчүн да кылмышка барышы мүмкүн.
22 Көрө албас* киши байлыктын артынан сая түшөт,Бирок башына жокчулук түшөрүн билбейт.
23 Кошомат кылган кишиге карагандаОңдоп-түзөгөн кишини+ акыр-аягы көбүрөөк жакшы көрүшөт.+
24 Ким ата-энесин тоноп: «Бул кылмыш эмес»,— десе,+Ал — талап-тоноочулардын шериги.+
25 Ач көз* жаңжал чыгарат,Ал эми Жахабага таянган гүлдөйт.+
26 Ким өз жүрөгүнө таянса, ал акылсыз,+Ал эми ким акылмандык менен иш кылса, аман калат.+
27 Жакырга кайрылышкан эч нерседен кем болбойт,+Ал эми аны көрмөксөнгө салган көп каргышка калат.
28 Ыймансыздар бийликке келгенде, эл жашынат,Ал эми алар жок болгондо, адил кишилер көбөйөт.+
Шилтемелер
^ Же: «жаш арстандай».
^ Же: «козголоң чыкканда».
^ Же: «Кудайдын мыйзамынан».
^ Же: «Кудайдын мыйзамына; көрсөтмөгө».
^ Же: «Кудайдын мыйзамын».
^ Же: «кандай сонун».
^ Же: «Кудайдан дайыма корккон».
^ Же: «Ач көз».
^ Же балким: «Текебер».