Ошуя 10:1—15
10 «Ысрайыл түшүм берген, жапайы болуп бараткан* жүзүм сабагындай.+
Ал мөмөсү көбөйгөн сайын, курмандык жайларын да көбөйтүп жатат.+
Жери көп түшүм берген сайын, ыйык устундарын да ошончолук кооздоп жатат.+
2 Алардын жүрөгү анткор,Ошон үчүн эми айыптуу деп табылышат.
Алардын курмандык жайларын,Ыйык устундарын кыйрата турган бирөө бар.
3 Эми алар: „Биз Жахабадан корккон эмеспиз, ошон үчүн падышабыз жок.+
Болсо деле ал бизге эмне кылып бермек эле?“ — дешет.
4 Алар курулай сөздөрдү айтып жатышат, жалган ант берип жатышат,+ келишимдерди түзүп жатышат;Ошон үчүн алардын акыйкаттыгы айдалган жерди басып кеткен уулуу чөптөй.+
5 Самариянын тургундары Бет-Абендин музоо бурканын ойлоп коркушат.+
Аны ойлоп эли кайгыга батат,Анын өзүн, даңкын көрүп сүйүнгөн, жалган кудайга сыйынган дин кызматчылары да кайгырат,Анткени аны туткунга алып кетишет.
6 Аны улуу падышага белек кылыш үчүн Ашурга алып кетишет.+
Эпрайым уятка калат,Ысрайыл туура эмес кеңеш боюнча иш кылганына уялат.+
7 Самария менен анын падышасы жок болот,+Сууда калкып бараткан сынык чырпыкка окшоп жок болот.
8 Ысрайылды күнөөгө батырган+ Бет-Абендин+ сыйынуу жайлары жок кылынат.+
Алардын курмандык жайларын+ тикенек менен коко тикен басат.
Ошондо эл тоолорго: „Бизди жашырып калгыла!“ — дейт,Адырларга: „Бизди калкалап калгыла!“ — дейт.+
9 Оо, Ысрайыл, сен Гибада болгон окуядан тартып күнөө кылып келатасың,+Ошонуңдан кайткан жоксуң.
Гибадагы согушта ыймансыздардын баары кырылган эмес болчу.
10 Мен аларды каалаган учурда жазалайм.
Мойнуна эки кылмышынын моюнтуругу салынганда*,Аларга каршы элдер чогулат.
11 Эпрайым эгин бастырганды жакшы көргөн, үйрөтүлгөн кунажын эле,Мен анын койкойгон мойнун аячумун.
Эми болсо Эпрайымдын үстүнө бирөөнү мингизем*.+
Жүйүт анын жерин айдайт, Жакып болсо малалайт.
12 Адилдиктин үрөнүн сээп, туруктуу сүйүүнү оруп алгыла.
Жахабаны издегенге убакыт барда,+Ал келип, силерди адилдикке үйрөткөнгө чейин,+Өз жериңерди айдагыла.+
13 Бирок силер жамандык сээп,Ыймансыздык оруп алдыңар,+Калптын жемишин жедиңер.
Анткени өзүңөргө,Жоокерлериңердин көптүгүнө таяндыңыр.
14 Элиңерге каршы согуш ачылып, ызы-чуусун угасыңар.
Чептүү шаарларыңардын баары бүлгүнгө учурайт,+Шалман* Бет-Арбелди* талкалаган убактагыдай,Энелер балдары менен кошо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн согуштагыдай болот.
15 Бейтелдин тургундары, ашынган жаман иштериңер үчүн силерди да ошентишет.+
Таң сүргөндө Ысрайылдын падышасы өлтүрүлөт».+
Шилтемелер
^ Же балким: «жайылып кеткен».
^ Б. а. жазаланганда.
^ Же: «Эпрайымга моюнтурук салдыртам».
^ Көптөрдүн ою боюнча, бул —Шалманесер деген аттын кыскартылган түрү. Сыягы, Ашурдун падышасы Шалманесер V.
^ Сөзмө-сөз: «Арбелдин үйүн».