Падышалар 1-китеп 2:1—46

  • Дөөтүнүн Сулайманга айткан керээзи (1—9)

  • Дөөтү көз жумат; Сулайман тактыга отурат (10—12)

  • Адониянын арам ою билинип, өмүрүнөн айрылат (13—25)

  • Абыятар жазаланат; Жоап өлтүрүлөт (26—35)

  • Шимей өлтүрүлөт (36—46)

2  Көз жумарына аз калганда Дөөтү уулу Сулайманга мындай деп керээзин айтты: 2  «Мына минтип, төрүмөн көрүм жакын калды. Эми сен бекем,+ кайраттуу бол.+ 3  Мусанын Мыйзамында жазылгандай, Жахаба Кудайыңдын жолунда жүрүп, анын көрсөтмөлөрүн, осуяттарын, мыйзамдары менен насааттарын аткарып, ага баш ий.+ Ошондо эмне иш кылба, кайда барба, дайыма ийгиликке жетесиң*. 4  Ошондой эле Жахаба мен жөнүндө: „Эгер уулдарың баскан жолун байкап, мага бүт жүрөгү, бүт жаны менен берилип,+ жолумдан чыкпаса, анда Ысрайылда падышалык тактыда ар дайым сенин тукумуң отурат“,— деп айткан убадасын аткарат.+ 5  Зеруянын уулу Жоаптын мага эмне кылганын өзүң жакшы билесиң: ал Ысрайылдын аскер башчылары Неирдин уулу Абинер+ менен Жетердин уулу Амасаны+ өлтүргөн. Аларды өлтүрүп, согуш учурунда эмес, бейпил убакта кан төгүп,+ белиндеги куру менен бутундагы сандалын канга боёгон. 6  Ошон үчүн акылдуулук менен иш кылып, анын өз өлүмү менен өлүшүнө жол бербе*.+ 7  Ал эми гилаттык Барзелайдын+ уулдарына дайыма жакшылык кыл*. Алар сенин дасторконуңдан тамактангандардын арасында болушсун. Себеби бир тууганың Абышаломдон качып жүргөнүмдө,+ мага жардам беришкен.+ 8  Жакын жерде жашаган Бенжемин уруусундагы бакуримдик Геранын уулу Шимейди да унутпа. Маханаимге баратканымда,+ ал мени айтпаган сөздөрдү айтып каргаган.+ Бирок кийин мени тоскону Иорданга келгенде, ага: „Сени өлтүрбөйм“,— деп Жахабаны оозанып ант берип койгом.+ 9  Бирок сен аны жазасыз калтырба.+ Сен акылдуусуң, аны эмне кылышты билесиң. Анын өз өлүмү менен өлүшүнө жол бербе*».+ 10  Ошентип, Дөөтү көз жумду*. Анын сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшту.+ 11  Ал Ысрайылда 40 жыл: Хеброндо+ 7 жыл, Иерусалимде 33 жыл падышалык кылды.+ 12  Сулайман атасы Дөөтүнүн ордуна тактыга отурду. Анын падышалык бийлиги барган сайын бекемделе берди.+ 13  Бир нече убакыттан кийин Кагыттын уулу Адония Сулаймандын энеси Батшебага барды. Батшеба андан: «Тынччылыкпы?» — деп сурады. Ал: «Тынччылык эле»,— деп жооп берди. 14  Анан: «Сизге айтчу сөзүм бар эле»,— деди. Батшеба: «Айта бер»,— деди. 15  Адония: «Өзүңүз билгендей, мен падыша болушум керек болчу,+ мени падыша болот деп бүт Ысрайыл күтүп жүргөнүн да жакшы билесиз. Бирок, Жахабанын эрки боюнча, падышалык бийлик бир тууганыма өттү.+ 16  Эми сизден бир нерсе өтүнөйүн, жок дебеңиз»,— деди. Батшеба: «Айта бер»,— деди. 17  Ал: «Сулайман падыша менен сүйлөшүп көрүңүзчү, шунемдик Абишаганы+ мага аялдыкка берсин. Ал сизге жок дебейт»,— деди. 18  Батшеба: «Мейли, сүйлөшүп көрөйүн»,— деди. 19  Батшеба Адония жөнүндө сүйлөшкөнү Сулайман падышага барганда, падыша ордунан туруп, ага таазим кылды. Анан кайра тактысына отуруп, оң жагына энеси үчүн дагы бир такты алып келүүнү буйрук кылды. 20  Батшеба ага: «Бир кичинекей өтүнүчүм бар эле, жок дей көрбө»,— деди. Падыша: «Сураңыз, апа, жок дебейм»,— деди. 21  Батшеба: «Шунемдик Абишаганы бир тууганың Адонияга аялдыкка бер»,— деди. 22  Ошондо Сулайман падыша энесине: «Эмнеге шунемдик Абишаганы Адонияга бер деп жатасыз? Анча болду, падышалык бийликти да бер деп сурабайсызбы,+ ал агам эмеспи,+ аны дин кызматчы Абыятар менен Зеруянын уулу+ Жоап+ колдойт эмеспи»,— деди. 23  Анан Сулайман падыша Жахабаны оозанып: «Адония ушуну сураганы үчүн өмүрүнөн айрылбаса, Кудай мени катуу жазаласын. 24  Мени атам Дөөтүнүн тактысына бекем отургузган,+ өзү убада кылгандай, падышалыкты мага жана менин урпактарыма берген*+ тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем: Адония бүгүн сөзсүз өлөт»,+— деп ант берди. 25  Анан ошол замат Жояттын уулу Бенаяны+ жиберди. Ал барып, Адонияны өлтүрдү. 26  Дин кызматчы Абыятарга+ болсо падыша: «Анатотко,+ өз жериңизге кетиңиз! Өлүм жазасына тартылышыңыз керек болсо да, сизди бүгүн өлтүрбөйм. Анткени сиз атам Дөөтүнүн+ убагында Эгедер Теңир Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүрчүсүз, атам тарткан азаптын баарын сиз да аны менен чогуу тарткансыз»,— деди.+ 27  Ошентип, Жахабанын Шилодо+ Эйлинин+ тукумдары жөнүндө айткан сөзү аткарылышы үчүн, Сулайман Абыятарды дин кызматчылыктан четтетти, ал Жахабанын дин кызматчысы болбой калды. 28  Бул тууралуу укканда Жоап Жахабанын ыйык чатырына кире качып,+ курмандык жайынын мүйүздөрүн бекем кармап алды. Анткени ал Абышаломду колдобосо да,+ Адонияны колдогон+ болчу. 29  Сулайман падышага: «Жоап Жахабанын ыйык чатырына качып кирип, курмандык жайынын жанында турат»,— деп билдиришти. Ошондо ал: «Барып, аны өлтүр» — деп, Жояттын уулу Бенаяны жиберди. 30  Беная Жахабанын ыйык чатырына барып, Жоапка: «Падыша сени чыксын деп жатат!» — деди. Бирок ал: «Чыкпайм, ушул жерде өлөм!» — деди. Беная падышага барып: «Жоап ушинтип айтты, мага ушинтип жооп берди» — деп, анын айтканын айтып берди. 31  Ошондо падыша ага: «Анда өзү айткандай кыл. Аны өлтүрүп, көмүп кой, ошентип мени, атамдын үйүндөгүлөрүн ал төккөн күнөөсүз адамдардын канынан тазала.+ 32  Ал атам Дөөтүгө айтпай туруп, өзүнөн адил, өзүнөн алда канча жакшы эки кишини: ысрайылдыктардын аскер башчысы Неирдин уулу Абинер+ менен жүйүттөрдүн аскер башчысы+ Жетердин уулу Амасаны+ кылыч менен өлтүргөн.+ Ошон үчүн Жахаба ага тиешесин берсин. 33  Алардын каны түбөлүккө Жоап менен анын тукумдарынын мойнунда болот.+ Ал эми Дөөтү менен анын урпактары, падыша боло турган тукумдары тынчтыкта жашашы үчүн, Жахаба аларга түбөлүккө батасын берсин»,— деди. 34  Беная барып, Жоапты өлтүрдү. Анын сөөгүн талаага, үйүнүн жанына коюшту. 35  Падыша анын ордуна аскер башчы кылып Бенаяны+ дайындады, ал эми Абыятардын дин кызматчылык милдетин Садокко+ өткөрүп берди. 36  Анан падыша Шимейди+ чакыртып, ага: «Иерусалимге үй салып, ушул жерде жаша, эч жакка чыкпа. 37  Билип кой, эгер бул жерден чыгып, Кидрон өрөөнүнөн+ ары өтө турган болсоң, ошол күнү өлөсүң. Өз каның өз мойнуңда болот»,— деди. 38  Шимей: «Макул, мырзам. Улуу урматтуу падышам кандай айтса, кулуңуз ошондой кылат»,— деди. Ал Иерусалимде бир топ убакыт жашады. 39  Бирок үч жылдан кийин Шимейдин эки кулу Гаттын падышасына, Мааханын уулу Акишке,+ качып кетти. Шимейге: «Кулдарың Гатта жүрүшөт»,— деп айтышты. 40  Ошондо ал дароо эшегин токуду да, кулдарын издеп Гаттагы Акишке жөнөдү. Анан аларды Гаттан алып келди. 41  Сулайманга: «Шимей Иерусалимден чыгып, Гатка барып келди»,— дешти. 42  Падыша Шимейди чакыртып: «Сага Жахабанын алдында ант бердиртип: „Билип кой, бул жерден чыгып, бир жакка бара турган болсоң, ошол күнү өлөсүң“,— деп эскертпедим беле. Ошондо сен: „Макул, мырзам, ошондой кылайын“,— дебедиң беле.+ 43  Анда эмнеге Жахабанын алдында берген антыңды бузуп, буйругумду аткарбай койдуң?» — деди. 44  Анан ага: «Атам Дөөтүгө кылган бүт жамандыгыңды өзүң жакшы билесиң.+ Кылган жамандыгың үчүн Жахаба сени жазалайт.+ 45  Сулайман падышага болсо Жахаба батасын берет,+ Дөөтүнүн тактысын түбөлүккө бекем орнотот»,— деди. 46  Анан Жояттын уулу Бенаяга буйрук берди. Беная ал жерден чыгып, Шимейди өлтүрдү.+ Ошентип, Сулайман башкарып турган убакта падышалык бекем болду.+

Шилтемелер

Же: «акылдуулук менен иш кыласың».
Же: «чачын ак баскан ал кишини көргө тынчтык менен коё бербе».
Же: «туруктуу сүйүү көрсөт». Сөздүктү кара.
Же: «Аны көргө ак баскан башын канга боёп жибер».
Сөзмө-сөз: «ата-бабаларына кошулду».
Сөзмө-сөз: «мага үй тургузган».