Сандар 34:1—29
34 Анан Жахаба Мусага мындай деди:
2 «Ысрайыл элине буларды айт: „Канаан жерине+ барганыңарда үлүшүңөр боло турган жердин чек аралары булар болот:+
3 Түштүк чек араңар Эдомдун жанындагы Зин чөлүнөн башталат. Түштүк чек араңардын чыгыш чети болсо Туздуу деңиздин* четинен башталат.+
4 Ал Акрабимдин+ түштүк капталын көздөй бурулуп, Зинге чейин созулат, анан Кадеш-Барнинин+ түштүгүнө барып такалат. Андан кийин Хазар-Адарга,+ андан ары Асмонго чейин созулат.
5 Анан Асмондон Мисир жактагы өрөөндү* көздөй бурулуп, Улуу деңизге* чейин созулат.+
6 Батыш чек араңар Улуу деңиздин жээги болот, батыш чек араңар — ушул.+
7 Түндүк чек араңар мындай болот: Улуу деңизден баштап Ор тоосуна*+ чейин өзүңөргө чек ара белгилегиле.
8 Анан Ор тоосунан Лебо-Хаматка*+ чейин, андан Седатка+ чейин белгилегиле.
9 Андан ары чек араңар Зибронго чейин, Зиброндон Хазар-Энанга+ чейин созулуп, ошол жерден бүтөт. Түндүк чек араңар — ушул.
10 Андан кийин Хазар-Энандан Шепамга чейин чыгыш чек араңарды белгилегиле.
11 Шепамдан чек араңар Айындын чыгышындагы Риблага* чейин созулат, андан ары ылдыйлап, Кинерет деңизинин*+ чыгыш жээги аркылуу өтөт.
12 Анан Иордан дарыясына жетип, Туздуу деңизге+ барып такалат. Бул силердин жериңер болот,+ анын чек аралары ушундай болот“».
13 Муса ысрайыл элине: «Жахаба тогуз жарым урууга бер деп буйрук кылган, силер өкчөмө таш ыргытып өз ара бөлүп ала турган жер — ушул.+
14 Себеби Рубейин уруусу, Гат уруусу жана Менаше уруусунун жарымы өз үлүшүн алышты.+
15 Ал эки жарым уруу үлүшүн Жерихонун тушунан, күн чыгыш тараптан, Иордандын чыгыш жагынан алды»,— деди.+
16 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
17 «Силерге жерди дин кызматчы Элазар+ менен Нундун уулу Жашыя бөлүштүрүп берет.+
18 Жерди бөлүштүргөнгө жардам бергенге ар бир уруудан бирден башчы алгыла.+
19 Ал башчылар булар: Жүйүт уруусунан+ Жепундун уулу Калеп,+
20 Шымон уруусунан+ Амиюттун уулу Шемуел,
21 Бенжемин уруусунан+ Кислондун уулу Элидат,
22 Дан уруусунан+ Жоглинин уулу Буки башчы,
23 Жусуптун уулу+ Менашенин уруусунан+ Эпоттун уулу Ханиел башчы,
24 Эпрайым уруусунан+ Шиптандын уулу Кемуел башчы,
25 Забулун уруусунан+ Парнактын уулу Элисапан башчы,
26 Исахар уруусунан+ Азандын уулу Палтиел башчы,
27 Ашыр уруусунан+ Шеломинин уулу Акиут башчы,
28 Напталы уруусунан+ Амиюттун уулу Педаел башчы».
29 Жахаба Канаан жерин ысрайыл элине бөлүштүрүп берүүнү ушуларга буйрук кылды.+
Шилтемелер
^ Б. а. Жансыз деңиздин.
^ Же: «сайды».
^ Б. а. Жер Ортолук деңизге.
^ Жайгашкан жери белгисиз. Лебанон кырка тоосунун чокусу болушу мүмкүн.
^ Же: «Хаматтын кире беришине».
^ Хамат жериндеги эмес, Канаандын чыгыш чек арасындагы Рибла.
^ Чындыгында, көл болгон. Ыйык Китепте ал Генисарет көлү, Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.