Шемуелдин 1-китеби 11:1—15

  • Шабул Амондун тукумдарын талкалайт (1—11)

  • Шабулдун падыша болгону дагы бир жолу жарыяланат (12—15)

11  Амондун тукумдарынан+ болгон Нахаш кошууну менен келип, Гилаттагы Жабештин+ тушуна жайгашты. Жабештин тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, биз сага кызмат кылалы»,— дешти. 2  Нахаш аларга: «Келишим түзүш үчүн силерге бир шарт коём: ар бириңердин оң көзүңөрдү оём. Бүт ысрайыл элин ошентип маскара кылам»,— деди. 3  Жабештин аксакалдары: «Бизге жети күн убакыт бер. Бүт Ысрайыл жерине кабарчыларды жиберели. Эгер бизди куткарар эч ким чыкпаса, сага багынып беребиз»,— дешти. 4  Кабарчылар Шабул жашаган Гибага+ барып, бул сөздөрдү элге айтышты, ошондо эл боздоп ыйлады. 5  Ошол маалда Шабул малын талаадан айдап келаткан эле. Ал: «Эмне болду? Эл эмнеге ыйлап жатат?» — деп сурады. Ага Жабештин тургундары айткандарды айтып беришти. 6  Ошондо Шабулга Кудайдын ыйык руху таасир этип,+ анын каары кайнады. 7  Ал эки буканы союп, аларды жиликтеп, кабарчыларга берди да, бүт Ысрайыл жерине: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын бодо малы ушундай болот!» — деп айттырып жиберди. Ошондо элди Жахаба жиберген коркунуч басып, баары бир кишидей болуп жолго чыгышты. 8  Шабул аларды Безекте санап чыкканда, Жүйүт уруусундагы эркектердин саны 30 000, калган уруулардагы эркектердин саны 300 000 болду. 9  Шабул менен жоокерлери кабарчыларга: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: „Эртең чак түштө куткарыласыңар“,— деп айткыла»,— дешти. Кабарчылар барып, муну Жабештин тургундарына айтышканда, алар аябай сүйүнүп кетишти. 10  Алар Нахашка: «Эртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өзүңөр билгиле»,— деп коюшту.+ 11  Эртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт маалында* Амондун тукумдарынын+ конушуна кирип барышты да, аларды чак түшкө чейин кырышты. Аман калгандары болсо бириндеп, туш тарапка качып кетишти. 12  Эл Шемуелге: «„Бизге Шабул падышалык кылмак беле?“ — дегендер кимдер эле?+ Аларды алып келгиле, өлтүрөбүз»,— деди. 13  Бирок Шабул: «Бүгүн эч кимди өлтүргөнгө болбойт,+ анткени Жахаба бүгүн ысрайыл элин куткарды»,— деди. 14  Кийинчерээк Шемуел элге: «Жүргүлө, Гилгалга барып,+ Шабулдун падыша болгонун дагы бир жолу жарыялайлы»,— деди.+ 15  Ошентип, бүт эл Гилгалга барып, Жахабанын алдында Шабулду падыша көтөрүштү. Анан Жахабанын алдында тынчтык курмандыктарын чалышты.+ Шабул менен бүт ысрайыл эли кубанып-шаттанып, майрамдашты.+

Шилтемелер

Б. а. түнкү экилерден таңкы алтыга чейинки убакыт.