Шемуелдин 1-китеби 4:1—22
4 Шемуел Кудайдын айткандарын ысрайыл элине айтып турду.
Бир күнү ысрайылдыктар пелиштиликтер менен согушканы чыгышты. Алардын кошууну Эбенезердин жанына жайгашты. Пелиштиликтер болсо Апекке жайланышты.
2 Алар ысрайылдыктар менен согушуш үчүн катарга тизилишти. Ошентип, катуу салгылаш башталды. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратып, 4 000ге жакын жоокерин өлтүрүштү.
3 Аскерлер конушка кайтып келгенде, Ысрайыл аксакалдары: «Эмнеге Жахаба бүгүн пелиштиликтерден жеңилип калышыбызга жол берди?+ Келгиле, Шилого барып, Жахабанын келишим сандыгын алып келели,+ ал арабызда болуп, бизди душмандарыбыздан коргоп турсун»,— дешти.
4 Алар Шилого киши жиберип, керуптардын*+ үстү жагында* тактыда отурган асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын келишим сандыгын алдырышты. Чыныгы Кудайдын келишим сандыгынын жанында Эйлинин уулдары Копни менен Пинехас+ бар эле.
5 Жахабанын келишим сандыгын конушка алып келишкенде, ысрайылдыктардын баары жер жаңырта кыйкырышты.
6 Аны укканда пелиштиликтер: «Еврейлердин конушундагылар эмнеге мынчалык катуу кыйкырып жатышат?» — дей башташты. Анан Жахабанын келишим сандыгын конушка алып келишкенин билгенде
7 пелиштиликтердин жүрөктөрү түштү. Алар: «Конушуна Кудай келиптир!+ Башыбызга каран түн түштү! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес эле!
8 Башыбызга каран түн түштү! Эми бул улуу Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Мисирликтерди чөлдө ар кандай балээге кабылткан ушул Кудай эмеспи.+
9 Пелиштиликтер, келгиле, кайраттанып, эр жүрөк бололу. Еврейлер бизге кул болгондой, биз да аларга кул болуп калбайлы.+ Эр жүрөк бололу, алар менен салгылашалы!» — дешти.
10 Ошентип, пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп, аларды жеңип алышты.+ Ысрайылдыктар чатырларын көздөй качып жөнөштү. Алар 30 000 жөө жоокеринен айрылып, чоң жоготууга учурашты.
11 Душмандар Кудайдын келишим сандыгын да тартып алышты, Эйлинин уулдары Копни менен Пинехас өлдү.+
12 Бенжемин уруусундагы бир киши согуш жүрүп жаткан жерден качып, ошол эле күнү Шилого келди. Анын кийими айрылган, башы топурак эле*.+
13 Ал чуркап келгенде, Эйли жолдун боюнда отургучта жол карап отурган болчу. Ал чыныгы Кудайдын келишим сандыгын ойлоп сарсанаа болуп жаткан эле.+ Чуркап келген киши шаарга кирип, эмне болгонун айтып берди. Ошондо бүт шаар өкүрүк сала баштады.
14 Эйли өкүрүктү укканда: «Бул эмне болгон ызы-чуу?» — деп сурады. Тиги киши эмне болгонун айтып бериш үчүн Эйлиге чуркап келаткан.
15 (Ошол учурда Эйли 98 жашта эле. Анын көзү көрбөй калган болчу.)+
16 Ал Эйлиге чуркап келип: «Мен согуш талаасынан качып келдим! Мына, бүгүн эле качып келдим»,— деди. Эйли андан: «Уулум, айтып берчи, эмне болду?» — деп сурады.
17 Кабарчы ага: «Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып жөнөдү, элибиз чоң жоготууга учурады.+ Уулдарыңыз Копни менен Пинехас да каза болду,+ чыныгы Кудайдын келишим сандыгын болсо душмандар тартып алды»,— деди.+
18 Ал чыныгы Кудайдын келишим сандыгы жөнүндө айтары менен, дарбазанын жанындагы отургучта отурган Эйли кулап түшүп, мойну сынып өлүп калды, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал Ысрайылда 40 жыл бий болду.
19 Анын келини, Пинехастын аялы, ай-күнүнө жетип, төрөйүн деп турган эле. Душмандардын чыныгы Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайнатасы менен күйөөсүнүн каза болгонун укканда ал бүгүлө калды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип, төрөтү башталды.
20 Ал үзүлүп баратканда, жанындагы аялдар ага: «Кабатыр болбо, уул төрөдүң»,— дешти. Бирок ал эч нерсе деп жооп берген жок, көңүл да бурган жок.
21 Душмандар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын алып кеткендиктен, кайнатасы менен күйөөсү өлүп калгандыктан,+ ал: «Ысрайылдын даңкын туткундап кетишти»+ — деп, уулунун атын Ихабот*+ койду.
22 Ал: «Ысрайылдын даңкын туткундап кетишти, анткени чыныгы Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты»,— деди.+
Шилтемелер
^ Жогорку даражалуу периштелер.
^ Же балким: «ортосунда».
^ Катуу кайгырганда кийимин айрып, башына топурак чачышчу.
^ Мааниси: «Даңк каякта?»