Ышая 17:1—14
17 Дамаскка чыгарылган өкүм:+
«Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыгат,Үйүлгөн урандыга айланат.+
2 Ароердин+ шаарлары ээн калат;Ал жакта мал жатат,Аларды эч ким үркүтпөйт.
3 Эпрайымда чептүү шаар калбайт,+Дамасктагы падышалык бийлик жок болот;+Сириялыктардын аман калгандарынын даңкыЫсрайылдыктардын даңкындай өчөт»,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
4 «Ошол күнү Жакыптын даңкы кемийт,Чың денесинин эти шылынат.
5 Ошол күнү орокчу эгин жыйнап,Машагын тергендегидей болот,Репаимдердин өрөөнүндө+ эгин жыйнагандагыдай болот,
6 Зайтун дарагын күбүгөндө,Бутактын башында эки-үч бышкан мөмөсү,Мөмөлүү шагында төрт-беш мөмөсү калгандай эле,Жакыптан да аз гана калдык калат»,+— дейт Ысрайылдын Кудайы Жахаба.
7 Ошол күнү адам жардам күтүп Жаратканын карайт, үмүттөнүп Ысрайылдын Ыйыгын тиктейт.
8 Ал өз колунан бүткөн+ курмандык жайларын үмүттөнүп карабайт;+ манжалары жасаган ыйык мамыларды да, жыпарзат түтөткүчтөрдү да үмүт этип тиктебейт.
9 Ошол күнү анын чептүү шаарлары токойдогу ээн калган жердей,+Ысрайылдыктардын алдына ташталган бутактай болот,Ээн талаага айланат.
10 Анткени сен* куткаруучу Кудайыңды унутуп койдуң;+Аскаңды,+ Чебиңди, эсиңде сактаган жоксуң.
Ошондуктан кооз бакчаларды көбөйтүп,Аларга башка бирөөнүн* көчөттөрүн отургузуп жатасың.
11 Бакчаларыңдын тегерек-четин күндүз жакшылап тосуп,Сепкендериңди эртең менен өндүрсөң да,Оорудан кыйналып, тынбай жаның сыздаган күнү түшүмдөн кол жууйсуң.+
12 Уксаңар! Көптөгөн элдер дүрбөлөң түшүп,Деңиздей күркүрөп жатышат!
Элдер ызы-чуу түшүп,Чоң суулардай күрүлдөп жатышат!
13 Элдер көп суулардай күрүлдөшөт.
Кудай аларды ашкерелейт, ошондо алыска качып кетишет,Алар тоодогу шамал учурган топондой,Куюн учурган коко тикендей* болушат.
14 Кеч киргенде аларды коркунуч басат.
Таң ата электе алар жок болушат.
Бизди талап-тоногондордун үлүшү,Бизди олжо кылгандардын энчиси ушундай.