Ышая 2:1—22
2 Амостун уулу Ышаянын Жүйүт менен Иерусалим жөнүндө алган аяны.+
2 Акыркы күндөрдөЖахабанын үйү турган тооБардык тоолордун чокусунан бийик көтөрүлүп, козголгус болот,+Адырлардан жогору көтөрүлөт,Ага бүт элдер агылып келет.+
3 Көптөгөн элдер келип:
«Жүргүлө, Жахабанын тоосуна чыгып,Жакыптын Кудайынын үйүнө баралы.+
Ал бизге өзүнүн жолун көрсөтөт*,Биз анын жолу менен жүрөбүз»,— дешет.+
Анткени Сиондон мыйзам*,Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат.+
4 Ал элдердин арасында сот жүргүзүп,Көптөгөн элдердин иштерин жөнгө салат.
Алар кылычтарынан соконун тишин,Найзаларынан багбандын бычагын жасашат.+
Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт,Мындан ары согушканды үйрөнбөйт.+
5 Оо, Жакыптын урпактары, келгиле,Жахабанын жарыгында жүрөлү.+
6 Кудай, сен өз элиңди, Жакыптын урпактарын, таштап кеттиң.+
Себеби алар Чыгыштын көп каада-салттарын үйрөнүштү;Пелиштиликтерге окшоп, сыйкырчылык кылышат,+Алардын арасында бөтөн жерликтердин балдары көп.
7 Алардын жери алтын-күмүшкө толуп,Байлыгына эсеп жетпейт.
Жылкысы жер жайнап,Арабаларына сан жетпейт.+
8 Алардын жери эч пайдасы жок кудайларга толду.+
Алар өз колунан жаралган,Өз манжалары жасаган нерселерге таазим кылып жатышат.
9 Пенде өз кадырын түшүрүп, басынтылып жатат,Сен аларды кечире албайсың.
10 Жахабанын жүрөктүн үшүн алган каарынан,Даңктуу улуулугунан уламАсканын арасына кире качкыла, жердин астына жашынгыла.+
11 Менменсингендер жер карайт,Текеберлер кемсинтилет.
Ал күнү Жахаба гана даңкталат.
12 Анткени ал күн — асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын күнү.+
Ошол күнү ал боюн көтөргөндөр менен менменсингендерге,Даражасы бийиктер менен карапайымдарга,+
13 Лебанондун* бийик, боюн керген бал карагайларына,Башандын эмен дарактарына каршы чыгат.
14 Көк тиреген тоолор мененБийик адырлардын баарына,
15 Бүт бийик мунаралар менен бекем дубалдарга,
16 Таршыш кемелери+ менен мыкты кайыктардын баарына каршы чыгат.
17 Бой көтөргөн адам кемсинтилет,Текеберлер басынтылат.
Ошол күнү Жахаба гана даңкталат.
18 Пайдасы жок кудайлар түп орду менен жок болот.+
19 Жахаба үрөйдү учуруп, жерди титиретиш үчүн ордунан турганда,Адамдар анын жүрөктүн үшүн алган каарынан,+Даңктуу улуулугунан уламАскалардагы үңкүрлөргө,Жердеги чуңкурларга жашынышат.+
20 Ошол күнү алар күмүштөн, алтындан жасаган,Сыйыныш үчүн жасап алган пайдасы жок кудайларынЖер чукуурлар* менен жарганаттарга ыргытышат.+
21 Жахаба үрөйдү учуруп, жерди титиретиш үчүн ордунан турганда,Жүрөктүн үшүн алган каарынан,Даңктуу улуулугунан уламАскалардын жаракаларына,Аска-зоолордун арасына жашыныш үчүн ошентишет.
22 Өзүңөргө жакшы болушу үчүн,Пендеге таянганыңарды койгула,Ал таноосунда деми бар болгон үчүн гана тирүү жүрөт*.
Андан эмне пайда?
Шилтемелер
^ Же: «кантип иш кыларын үйрөтөт».
^ Же: «көрсөтмө».
^ Ливандын.
^ Чычканга окшош жаныбар.
^ Же: «Анын таноосунда деми гана бар».