Ышая 29:1—24

  • Ариелге каран түн түшөт (1—16)

    • «Мени оозу менен эле урматтайт» (13)

  • Дүлөйлөр угат; сокурлар көрөт (17—24)

29  «Ариелге*, Дөөтүнүн кошууну жайгашкан+ Ариел шаарына, каран түн түшөт! Жыл артынан жыл өтсүн;Жыл сайын өткөрүлчү майрамдарды+ өткөрө бергиле.  2  Бирок мен Ариелге алаамат түшүрөм,+Ошондо ал жакты кайгы басат, ый угулат,+Ал Кудайдын курмандык жайынын очогуна айланат.+  3  Оо, Ариел, сага сокку уруш үчүн туш тарабыңа чатыр тигем,Сени жыгач казыктар менен курчайм,Чабуул коюш үчүн айланаңа курулмаларды тургузам.+  4  Сен кулап, басынтыласың;Жерден сүйлөйсүң,Сөздөрүң топурак астынан чыккандай акырын угулат. Жер астынан чыккан үнүң+ өлгөндөрдү чакырган кишиникиндей угулат,Сөздөрүң топурак астынан шыбырагандай араң чыгат.  5  Сенин душмандарыңдын тобу чаңдай,+Зулумдардын тобу шамал сапырган топондой болуп калат.+ Бул күтүүсүздөн, көз ачып-жумгуча болот.+  6  Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сага көңүл буруп,Сени күндүн күркүрөгү, жер титирөө, катуу үн менен,Долу шамал, бороон, жалмаган оттун жалыны менен куткарам».+  7  Ошондо Ариелге каршы согушуп жаткан бардык элдер,+Аны менен салгылашып жаткандардын баары,Чабуул коюш үчүн колдонулган мунаралар,Ага алаамат түшүргөндөрТүштөй, түнкү аяндай жок болушат.  8  Ачка киши түшүндө тамак жеп жаткан болот,Бирок ойгонсо — ачка. Суусап жаткан киши түшүндө суу ичип жаткан болот,Бирок ойгонсо — алы кетип, чаңкап жатат. Сион тоосуна каршы согушуп жаткан элдердин баары ошондой абалда болот.+  9  Оо, эл-журт, нес болгула, таң калгыла,+Көзүңөрдү жаап, сокур болгула.+ Алар шарап ичишпесе да, мас болуп жүрүшөт;Күчтүү ичимдикти оозуна алышпаса да, теңселип жүрүшөт. 10  Анткени Жахаба силерди катуу уйкуда жаткандагыдай кылып койду;+Ал көзүңөрдү жаап койду: пайгамбарларыңарды сокур кылып койду,+Башыңарды жапты: көрөгөчтөрүңөрдү эч нерсе көрбөй кала тургандай кылып койду.+ 11  Силер үчүн аяндын баары мөөр басылган китептеги+ сөздөрдөй болуп калды. Аны окуганды билген бирөөгө берип: «Муну үн чыгарып окуп берчи»,— дешкенде, ал: «Буга мөөр басылыптыр, окуй албайм»,— дейт. 12  Ал эми китепти окуганды билбеген бирөөгө берип: «Муну үн чыгарып окуп берчи»,— дешкенде, ал: «Мен окуганды билбейм»,— деп жооп берет. 13  Жахаба мындай дейт: «Бул эл мага сөз жүзүндө эле сыйынат,Мени оозу менен эле урматтайт,+Жүрөктөрү болсо менден алыс;Алар адамдардын осуяттарын үйрөнүп, ошону менден коркуу деп эсептешет.+ 14  Ошондуктан керемет артынан керемет кылып,Бул элди таң калтырам;+Даанышмандарынын даанышмандыгын ойрон кылам,Эстүүлөрү түшүнүгүнөн ажырайт».+ 15  Жахабадан жаман оюн жашырганга аракет кылгандардын башына каран түн түшөт!+ Андай кишилер иштерин караңгы жерде кылып: «Бизди ким көрмөк эле? Эмне кылып жатканыбызды ким билмек эле?» — дешет.+ 16  Силер баарын бузуп бурмалайсыңар!* Чопо карапачыга теңеле алабы?+ Буюм өзүн жасаган киши жөнүндө: «Мени ал жасаган эмес»,— дейби?+ Жаратылган нерсе жаратканы тууралуу: «Ал эч нерсе түшүнбөйт»,— дейби?+ 17  Жакын арада Лебанон бакчага айланат.+ Ал бакча токойдой көрүнөт.+ 18  Ошол күнү дүлөйлөр китептеги сөздөрдү угат,Коюу караңгылыкта жүргөн сокурлардын көзү көрө баштайт.+ 19  Мүнөзү жумшактар Жахабаны ойлоп зор кубанычка бөлөнөт,Жакырлар Ысрайылдын Ыйыгын ойлоп сүйүнөт.+ 20  Анткени зулум жок болот,Мактанчаактын ичер суусу түгөнөт,Кыянаттык кылганга даяр тургандардын баары кырылат.+ 21  Жалган айтып, башкаларды айыптагандар,Шаар дарбазасынын алдында өзүн коргогон кишиге тор жайгандар,+Жалган жүйө келтирип, адил адамга адилеттик кылбагандар жок болушат.+ 22  Ошондуктан Ыбрайымды куткарган Жахаба+ Жакыптын урпактарына: «Жакып эми уят болбойт,Өңү кубарбайт*.+ 23  Анткени ал жанына чогулган,Менин колуман бүткөн балдарын көргөндө,+Алар менин ысмымды ыйык тутушат;Ооба, Жакыптын Ыйык Кудайын ыйык тутушат,Ысрайылдын Кудайын кастарлап турушат.+ 24  Ошондо адашып жүргөндөр түшүнүккө ээ болушат,Наалыгандар насаатты кабыл алышат»,— дейт.

Шилтемелер

Сыягы, «Кудайдын курмандык жайынын очогу» дегенди билдирет жана Иерусалимге карата айтылган.
Же: «Силер кандай гана бузулдуңар!»
Б. а. уят болуп жана көңүлү кайт болуп өңү кубарбайт.