Эстер 8:1—17

  • Мордохайдын даражасы көтөрүлөт (1, 2)

  • Эстер падышага өтүнүч менен кайрылат (3—6)

  • Падыша жаңы буйрук чыгарат (7—14)

  • Жүйүттөрдүн үмүтү жанат (15—17)

8  Ошол күнү Акашберош падыша жүйүттөрдүн душманы+ болгон Аманга+ таандык нерсенин баарын Эстер канышага берди. Эстер Мордохайдын ага ким болорун айткандыктан,+ падыша Мордохайды чакыртты. 2  Анан мөөр басчу шакегин+ чечип, ага берди. Ал аны Амандын колунан чечип алган эле. Эстер болсо Аманга таандык нерсенин баарын Мордохайдын колуна тапшырды.+ 3  Эстер кайрадан падыша менен сүйлөшкөнү барды. Анын бутуна жыгылып, Агактын тукумдарынан болгон Амандын жүйүттөргө келтирген зыянынын ордун толтуруп, арам оюн ишке ашырбай токтотуп калышын өтүнүп ыйлады.+ 4  Ошондо падыша алтын таягын Эстерге сунду.+ Ал ордунан туруп, падышага: 5  «Эгер падышам туура көрсө, эгер анын көңүлүнө жаксам, эгер падышам макул болсо, эгер анын купулуна толсом, анда ал Агактын+ тукумдарынан болгон Амадаттын уулу Амандын+ падышага караштуу дубандардагы жүйүттөрдү тукум курут кылыш үчүн жаздырган буйругун жокко чыгара турган буйрук чыгарсын. 6  Болбосо мен элимдин башына мүшкүл түшкөнүн, туугандарымдын кырылып жатканын кантип карап турам?» — деди. 7  Акашберош падыша Эстер каныша менен жүйүт Мордохайга: «Мен Аманга таандык нерсенин баарын Эстерге бердим,+ анын өзүн болсо жүйүттөргө каршы чыкканы үчүн устунга астырып салдым.+ 8  Эми силер падышанын атынан жүйүттөр жөнүндө өзүңөр туура көргөндөй буйрук жазып, падышанын шакеги менен мөөр басып бекиткиле. Анткени падышанын атынан жазылып, шакеги менен мөөр басылган буйрукту өзгөрткөнгө болбойт»,— деди.+ 9  Үчүнчү айдын, сибан* айынын, жыйырма үчүнчү күнү падышанын катчыларын чогултушту. Алар Мордохайдын жүйүттөргө, дубандардын башкаруучуларына,+ башкы башкаруучуларга жана Индиядан тартып Эфиопияга чейинки 127 дубанды башкарган төрөлөргө+ берген буйруктарын ар бир дубанга өзүнүн ариби менен, ар бир элге өз тилинде жазышты. Жүйүттөргө да алардын тилинде, алардын ариби менен жазышты. 10  Мордохай Акашберош падышанын атынан буйрук жазып, ага падышанын шакеги+ менен мөөр басты. Анан аны падышанын атканасындагы атайын көбөйтүлгөн, кат-кабар жеткиргенде минилчү күлүк аттарга минген чабармандар аркылуу туш тарапка жөнөттү. 11  Ал буйрукта падышанын ар кайсы шаарларда жашаган жүйүттөргө чогулуп, өздөрүн коргогонго, бардык дубандардагы жана элдердин арасындагы аларга кол сала турган куралчан кишилердин баарын, атүгүл аялдар менен балдарды да кырып жок кылып, тукум курут кылганга, мал-мүлкүн болсо талап-тоноп алганга уруксат бергени жазылган эле.+ 12  Ал буйрук Акашберош падышага караштуу дубандардын баарында бир күндө, он экинчи айдын, башкача айтканда, адар айынын+ он үчүнчү күнүндө ишке ашырылышы керек болчу. 13  Жүйүттөр ошол күнү душмандарынан өч алганга даяр болушу үчүн, бүт дубандарга мыйзам катары берилген ал буйрук баарына жарыяланышы керек эле.+ 14  Падышанын атканасындагы кат-кабар жеткиргенде минилчү күлүк аттарды минген чабармандар падышанын буйругу менен тезинен жөнөп кетишти. Ал мыйзам Шушан+ сепилдүү сарайында да жарыяланды. 15  Мордохай болсо падышаныкынан ак, көк кездемеден тигилген падыша кийимин кийип чыкты. Башына чоң алтын таажы кийип, үстүнө кызгылт көк жүндөн чебердик менен токулган чапан жамынып алган эле.+ Шушан шаарындагылар кубанып-шаттанып жатышты. 16  Ошентип, жүйүттөрдүн үмүтү жанып, төбөсү көккө жете сүйүнүп жатышты. Алар урмат-сыйга бөлөнүштү. 17  Падышанын буйругу менен мыйзамы жеткен бардык дубандардагы, шаарлардагы жүйүттөр кубанычы койнуна батпай, той өткөрүп, майрамдап жатышты. Жүйүттөрдөн корккондуктан ал жерлерде жашагандардын көптөрү жүйүттөрдүн динин кабыл алышты.+

Шилтемелер

Б15 тиркемесин тиркемесин кара.