Ыйык Китепте эмне жөнүндө айтылат?
Ыйык Китепте Кудайдын биз үчүн жазылган кабары — сөзү — камтылат. Андан канткенде бактылуу болорубузду, канткенде Кудайга жага аларыбызды билебиз. Ошондой эле төмөнкү суроолорго жооп бар:
АЯТТАРДЫ КАНТИП ТАПСА БОЛОТ?
Ыйык Китеп — 66 майда китептин жыйындысы. Ал эки бөлүктөн турат: Еврей-арамей Жазмалары (Байыркы Келишим) жана Грек Жазмалары (Жаңы Келишим). Ар бир китеп бөлүмдөргө жана аяттарга бөлүнгөн. Аятка шилтеме кылынганда китептин атынан кийин турган сан бөлүмдү, ал эми андан кийинки сан аятты билдирет. Мисалы, Башталыш 1:1 деген Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 1-аятын билдирет.