Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Петир менен Жакан б.з. 33-жылы үстүнкү бөлмөдө Пасах майрамына даярдык көрүп жатышат

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Эскерүү кечесине даярдык көрүп жатасыңарбы?

Эскерүү кечесине даярдык көрүп жатасыңарбы?

Иса Машаяк элчилери менен өткөргөн акыркы Пасах өзгөчө болмок. Себеби ал алар менен акыркы жолу Пасах тамагын жеп, жыл сайын белгилене турган Эскерүү кечесин негиздемек. Ошондуктан Иса Петир менен Жаканды Пасах тамагын жей турган бөлмөнү даярдаганга жөнөткөн (Лк 22:7—13; мукабадагы сүрөттү карагыла). Бул 27-мартта боло турган Эскерүү кечесине даярданышыбыз керектигин эске салат. Жооптуу бир туугандар баяндамага, символдорго жана башка иштерге байланыштуу чараларды көрүп коюшканы күмөнсүз. Бирок жеке ар бирибиз Эскерүү кечесине кантип даярдык көрсөк болот?

Жүрөгүңөрдү даярдагыла. Эскерүүгө байланыштуу аяттарды окуп, ой жүгүрткүлө. Анын графигин «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесинде бар. Андай график «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепчедеги 16-бөлүктө да камтылат. (Окуу куралынын 2020-жылдын апрель айындагы санын да карагыла.) Ал эми үй-бүлөлөр сыйынуу кечинде «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексинен» жана «Изилдөө жүргүзүүгө арналган куралдан» кундун маанилүүлүгү жөнүндөгү макалаларды карап чыгышса болот.

Башкаларды чакыргыла. Эскерүү кечесине чакыруу өнөктүгүнө толук кандуу катышкыла. Кимдерди чакырсаңар болору жөнүндө ойлонгула. Балким, кайра жолугууга макул болгондорду, мурда изилдеп жүргөндөрдү, тааныштарыңарды, туугандарыңарды чакыраттырсыңар. Аксакалдар болсо жигердүү эмес жарчылардын баарын чакырышы керек. Башка жакта жашагандарды да эскерүүгө чакыра аласыңар. Ан үчүн jw.org сайтындагы «БИЗ ЖӨНҮНДӨ» деген куржунга кирип, «Эскерүү кечеси» деген бөлүктөн ал жашаган жерде кеченин качан, кайсы жерде болорун билсеңер болот.

Дагы кантип даярдык көрө алабыз?