КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Досторду туура тандагыла
Маап түздүгүндө ысрайыл эли туш болгон окуялар биз үчүн олуттуу эскертүү болуп саналат (1Кр 10:6, 8, 11). Адеп-ахлаксыз иштерди кылган, бурканга табынган мааптык аялдар менен байланышканынын кесепетинде ысрайылдыктар олуттуу күнөөгө батышкан. Мунун арты өтө каргашалуу болгон (Сн 25:9). Биздин тегерегибиздеги адамдар да, мисалы, кесиптештерибиз, классташтарыбыз, кошуналарыбыз, туугандарыбыз же тааныштарыбыз Жахабага сыйынбайт. Ыйык Китептеги жогоруда айтылган окуядан ушундай адамдар менен дос болуу канчалык коркунучтуу экенине байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?
«БИЗ ҮЧҮН САБАК БОЛЧУ ОКУЯЛАР (ҮЗҮНДҮ)» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Зимри менен анын жанындагы кишилер Жаминге кандай туура эмес ойлорду айтышкан?
-
Пинехас Жаминге жагдайга туура баа бергенге кантип жардам берген?
-
Жахабага ишенбегендерге сылык мамиле кылуунун жана алар менен дос болуунун кандай айырмасы бар?
-
Атүгүл жыйналыштан дос тандоодо да, эмне үчүн сак болушубуз керек?
-
Социалдык тармактардан бейтааныш адамдардын тобуна кошулуудан, байланышуудан эмне үчүн качышыбыз зарыл?