«Сергек болгула»
Иса пайгамбар он кыз жөнүндөгү мисалды биринчи кезекте майланган жолдоочуларына карата айтса да, негизинен, ал Исанын бардык жолдоочуларына тиешелүү (w15 15/3 12—16-б.). Иса: «Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер»,— деген (Мт 25:13). Иса пайгамбардын бул мисалын түшүндүрүп бере аласыңарбы?
-
Үйлөнө турган жигит (1-аят) — Иса
-
Акылдуу кыздар (2-аят) — Иса Машаяктын өздөрүнө дайындалган ишти аткарууга даяр турган жана аягына чейин чырактай жаркырап турган майланган жолдоочулары (Фп 2:15)
-
«Жигит келатат!» — деген кыйкырык (6-аят) — Иса Машаяктын катышуусунун белгиси
-
Акылсыз кыздар (8-аят) — Үйлөнө турган жигитти тосуп чыгыш үчүн чыккан, бирок сергек турбай, кынтыксыздыгын сактабай калган Иса Машаяктын майланган жолдоочулары
-
Акылдуу кыздардын май бербей койгону (9-аят) — Акыркы жолу мөөр басылгандан кийин, Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандардын ишенимдүүлүгүн сактабагандарга жардам берүүгө өтө эле кеч болуп калышы
-
«Жигит келип калат» (10-аят) — Улуу алаамат соңуна чыгарда Иса Машаяктын сот өкүмүн ишке ашырыш үчүн келиши
-
Акылдуу кыздардын жигит менен кошо үйлөнүү тою өткөн үйгө кириши жана эшиктин жабылышы (10-аят) — Иса Машаяктын өзүнүн майланган жолдоочуларын асманга чогултушу жана ишенимсиздердин асмандагы сыйлыгынан куру калышы