КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Сүйүү көрсөтүп жатканыңар үчүн Жахабага ыраазыбыз
Тесалоникадагы жыйналыш кыйынчылыктарга карабай ишенимдештерине сүйүү көрсөткөн (2Тс 1:3, 4). Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли да дүйнө жүзүндөгү бир туугандарына так ушундай сүйүү көрсөтүүдө. jw.org/ky сайтындагы «Тартууңар каякка жумшалат?» деген рубрикада силер берген тартуулардын кыйын кезеңге туш болгон бир туугандарга кандайча жумшалары баса белгиленет. Силерди сүйүү көрсөткөнүңөр үчүн жана марттык менен тартуу кылып жатканыңар үчүн мактагыбыз келет.
«БИЗ СИЛЕР ҮЧҮН КУДАЙГА ДАЙЫМА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕБИЗ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
• Биздин тартуубуз кандай иштерге жумшалат?
• Муктаж болгон бир туугандарыбызга материалдык жактан жардам берүүнүн эң жакшы жолу кайсы? (jw.org/ky сайтындагы «Жокчулукту жапкан молчулук» деген макаланы да карагыла.)