КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА
Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга рухий тамак менен азыктанганды үйрөткүлө
Рухий муктаждыгын канааттандырыш үчүн жана Кудайдын жетилген кызматчысы болуш үчүн кызыгуучулардын негизги окууларды эле билип койгону жетишсиз (Мт 5:3; Ев 5:12—6:2). Алар рухий тамак менен өз алдынча азыктанганды да үйрөнүшү зарыл.
Андыктан башынан баштап эле кызыгуучуга изилдөөгө кантип даярданса болорун көрсөтүп бергиле жана ошондой кылганга үндөгүлө (mwb18.03 6-б.). Өз алдынча изилдээр алдында тиленүү маанилүү экенин түшүндүргүлө. Изилдөө жүргүзүүгө арналган электрондук куралдарды колдонгонду үйрөткүлө. jw.org сайтына, ошондой эле JW телеберүүсүнө чыккан жаңы материалдарды кантип тапса болорун көрсөтүп бергиле. Ыйык Китепти күн сайын окууну, жыйналышка даярданууну жана суроолоруна жооп табыш үчүн изилдөө жүргүзгөндү адат кылып алганга көмөк кылгыла. Окуп-билгендери тууралуу ой жүгүрткөнгө үйрөткүлө.
«ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕП ЖАТКАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ. РУХИЙ ТАМАК МЕНЕН АЗЫКТАНУУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Ниита Лилиге изилдөө деген тек гана суроолорго жооп табуу эмес экенин түшүнгөнгө кантип жардам берди?
-
Лилиге Жахаба никеден тышкаркы жыныстык мамилеге тыюу салганга укуктуу экенин түшүнгөнгө эмне жардам берди?
-
Лили ой жүгүртүүгө байланыштуу эмнени түшүндү?