КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Аял заты канткенде көбүрөөк кызмат кыла алат?
Эжелер же карындаштар Падышалыктын ишине чоң салым кошушат (Зб 68:11). Алар көптөргө Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришет. Пионерлердин көбү да эжелер жана карындаштар. Миңдегендери бейтелдик, курулуш ыктыярчысы, курулуш кызматчысы, миссионер же котормочу болуп күжүрмөн эмгектенүүдө. Рухий жактан жетилген эжелер жана карындаштар үй-бүлөсүн да, жыйналышты да кубаттап-бекемдешет (Нкл 14:1). Алар аксакал же кызмат жардамчысы боло албаса да, жакшы максаттарды коё алышат. Мисалы, кандай максаттарга умтулса болот?
-
Жыйналыштагы тажрыйбасы азыраак эжелерге жана карындаштарга жардам берүү (Тит 2:3—5).
-
Кызматты сапат жагынан да, сан жагынан да жакшыртуу
-
Башка тил үйрөнүү
-
Муктаждык көбүрөөк жерге көчүп баруу
-
Бейтелде кызмат кылууга жана теократиялык курулушка катышууга арыз толтуруу
-
Падышалыктын жарчыларынын мектебине арыз толтуруу
«МЫРЗАБЫЗДЫН ЖОЛУНДА ТАЛЫКПАЙ ЭМГЕКТЕНГЕН АЯЛДАР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эжелердин жана карындаштардын айткандары силерге кандайча дем-шык берди?