КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жахаба кыйналгандарды куткарат
Ар бир кишинин эле көңүлү чөккөн учуру болот. Бирок бул анын ишеними алсырап калганын билдирбейт. Атүгүл Жахаба да кайгырып, жүрөгү ооруй турганын айткан (Бш 6:5, 6). Бирок көңүлүбүз көп чөксөчү же кайгынын сазынан такыр эле чыга албай калган болсокчу?
Жахабадан жардам сурагыла. Жахаба биздин акыл-эс, эмоциялык саламаттыгыбызга кызыкдар. Ал жайдары жүргөнүбүздү да, кайгырып жүргөнүбүздү да байкайт. Эмне үчүн ушундай болуп жатканын да жакшы түшүнөт (Зб 7:9б). Баарынан маанилүүсү, ал бизди жакшы көрөт жана көңүл чөгөттүк, атүгүл депрессия менен күрөшкөнгө жардам берет (Зб 34:18).
Акыл-эс саламаттыгыңарга кам көргүлө. Терс сезимдер бактысыз кылгандан сырткары, Жахаба менен болгон достугубузга да таасир этет. Ошон үчүн жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү, коргогонубуз туура (Нкл 4:23).
«ДЕПРЕССИЯГА КАРАБАЙ ЖАН ДҮЙНӨ ТЫНЧТЫГЫН САКТАГАН ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Никки депрессия менен күрөшүш үчүн эмнелерди кылган?
-
Ал эмне үчүн дарыланышым керек деген бүтүмгө келген? (Мт 9:12)
-
Жахаба жардам бериши үчүн, Никки ага кандайча таянган?