КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Балдарыңарга Жахабадан үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонгонго жардам бергиле
Балдарыңарга жыйналыштан толук пайда алганга жардам бергиле. Бул — Кудайдын акыл-насаатын алардын жүрөгүнө сиңирүүнүн эң мыкты жолу. Балдардын жыйналыштан уккан-көргөндөрү, жооп бергендери Жахаба жөнүндө билгенге жана аны менен дос болгонго көмөк кылат (Мз 31:12, 13). Ата-энелер, аларга жыйналыштан толук пайда алганга кантип жардам бере аласыңар?
-
Жыйналышка бетме-бет барганга бүт күчүңөрдү жумшагыла (Зб 22:22)
-
Жыйналышка чейин же кийин ишенимдештериңер менен жагымдуу пикирлешкенге убакыт бөлгүлө (Ев 10:25)
-
Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүндө, электрондук болобу же кагаз түрүндөбү, жыйналыштан изилдене турган адабияттардын болушуна кам көргүлө
-
Балаңар өз сөзү менен жооп бериши үчүн, даярданганга жардам бергиле (Мт 21:15, 16)
-
Жыйналыш жана анда айтылгандар жөнүндө оң маанайда сүйлөгүлө
-
Балдарыңарга Падышалык залын жууп-тазалаганга катышканга жардам бергиле жана улгайган бир туугандар менен пикир алмашканга үндөгүлө
Балдарыңарга Жахаба менен дос болгонго жардам берүү көп күч-аракетти талап кылат. Кээде бул колуңардан келбечүдөй сезилиши мүмкүн. Ошентсе да Жахабанын жардам береринен шектенбесеңер болот (Ыш 40:29).
«АТА-ЭНЕЛЕР, ЖАХАБАГА ЖАНА АНЫН КҮЧҮНӨ ТАЯНГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Чарчаганы Зак менен Лияга кандай таасир эткен?
-
Ата-энелер эмне үчүн Жахабага күч сурап кайрылышы керек?
-
Жахаба Зак менен Лияга жардам бериши үчүн, алар ага кантип таянышкан?