Мазмунун көрсөтүү

Таиланддагы окуучуларга жардам берүү

Таиланддагы окуучуларга жардам берүү

Таиланддагы Жахабанын Күбөлөрү 2012-жылдын декабрынан тартып мектеп окуучуларына жардам берүү максатында атайын өнөктүк өткөрө баштаган. Жыйырма Жахабанын Күбөсү Бангкоктогу мектептерди кыдырышкан. Алар мектептердин деректирлери менен жолугуп, мугалимдерге да, окуучуларга да 2012-жылдын «Ойгонгула!» журналынын октябрдагы санын беришкен. Ал журналда «Мектепте жакшы окуш үчүн эмне кылыш керек?» деген аталыштагы катар макалалар камтылган.

Өнөктүк аябай натыйжалуу болгондуктан, Жахабанын Күбөлөрү аны бүт өлкө боюнча жүргүзүшкөн. Ошентип, бир жарым жылдын ичинде 830 мектеп кыдырылган. Окуучулар менен мугалимдерге «Ойгонгула!» журналынын ошол саны аябай жагып калып, сурагандар көп болгондуктан, ал үч жолу басылган. Алгач ал журнал 30 000 нускада заказ кылынган. Бирок ага суроо-талап өсүп отуруп, таратылган журналдардын саны 650 000ге жеткен.

Мектептин деректирлери да, мугалимдери да «Ойгонгула!» журналынын абдан пайдалуу экенин дароо эле байкашкан. Бир мугалим: «Бул журнал окуучуларыбызга үй-бүлөсү менен ынак мамиледе болгонго, алдына жакшы максаттарды койгонго жардам берет деп ойлойм»,— деген. Айрым мектептерде журналдагы материалды сабакка киргизип алышкан. Башкаларында болсо үн чыгарып окуу сабагында журналды колдонуп турууну чечишкен. Ал эми дагы бир мектепте балдарга журналда жазылгандардын негизинде доклад даярдап келүүгө тапшырма берилген жана тапшырмасын мыкты аткарып келген окуучуларга сыйлык берилген.

Бир окуучу кызга журналдагы «Ашыкча салмактан арылыш үчүн эмне кылыш керек?» деген макала аябай жагып калган. Ал семиздик кеңири таралган көйгөй экенин жана досторунун ал жөнүндө сүйлөшкөндөн тартынарын айткан. Ошондой эле: «Түшүнүктүү жазылган жана иш жүзүндө колдонорлук кеңештериңер үчүн чоң ыракмат!» — деген.

Ал макалага ата-энелер да ыраазычылык билдиришкен. Мисалы, бир аял анын үйүнө келген Жахабанын Күбөлөрүнө ошол журнал үчүн ыракматын айтып: «Журналда жазылгандар кызыма жакшы окуганга жардам берип жатат»,— деген.

Таиланддагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Пичай Петратиотин мындай деп айткан: «„Ойгонгула!“ журналында бүгүнкү күндө жашап жаткан адамдарга чындап пайда алып келе турган жана мезгил сынагынан өткөн Ыйык Китептеги кеңештер жазылат. Жахабанын Күбөлөрү билим алуунун маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшөт, ошондуктан биз бул журналды баарына бекер тарата алганыбызга аябай кубанабыз!»