Жахабанын Күбөлөрү башкаларды өздөрүнүн динине өтүүгө мажбурлайбы?
Жок. Биз эч кимди өзүбүздүн динибизге өтүүгө мажбурлабайбыз. Негизги журналыбыз болгон «Күзөт мунарасында»: «Адамдарды динин өзгөртүүгө мажбур кылуу туура эмес»,— деп жазылган a. Биз төмөнкү себептерден улам башкаларга өзүбүздүн көз карашыбызды таңуулабайбыз:
Иса эч кимди анын окууларын кабыл алууга мажбурлаган эмес. Ал айткан кабарына аз эле киши кулак кагарын билген (Матай 7:13, 14). Шакирттеринин айрымдары анын сөзүн түшүнбөй кетип калышканда, ал алардан калышын талап кылган эмес (Жакан 6:60—62, 66—68).
Иса шакирттерине башкаларга өздөрүнүн көз карашын таңуулабашы керектигин айткан. Шакирттер Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды угууга эч кимди мажбурлабай, кулак кага тургандарды гана издеши керек болчу (Матай 10:7, 11—14).
Кудай ага чын жүрөгү менен сыйынгандардын гана сыйынуусун кабыл ала тургандыктан, башкаларды мажбурлоо акылсыздык болуп калар эле (Мыйзам 6:4, 5; Матай 22:37, 38).
Жүргүзгөн ишибиз прозелитизмге жатабы?
Биз, Ыйык Китепте айтылгандай, «эл алдында жана үймө-үй кыдырып», Кудайдын сөзүн «жердин учу-кыйырына чейин» жарыялайбыз (Элчилер 1:8; 10:42; 20:20). Исанын 1-кылымдагы шакирттерин айыпташкандай эле, айрым учурларда бизди да прозелитизмди мыйзамсыз түрдө жайылтып жатышат деп айыпташат (Элчилер 18:12, 13). Бирок мындай айыптоо негизсиз. Биз башкаларды өзүбүздүн динибизге өтүүгө мажбурлабайбыз, тескерисинче, адамдар түшүнүп-билгенден кийин гана чечим чыгара алышы үчүн, билим алганга жардам беребиз.
Ошондой эле адамдарды динибизге өткөрүп алууну көздөбөйбүз. Андан сырткары, динди жамынып алып саясий иштерге аралашпайбыз, адамдарды өзүбүзгө тартуу үчүн материалдык жардам сунуштабайбыз жана кайрымдуулук иштерин жүргүзбөйбүз. Бул өздөрүн Исанын жолдоочусубуз деп атап, бирок кылган иштери менен анын ысмына тил тийгизгендерден бир топ айырмаланарыбызды көрсөтүп турат b.
Адам башка динге өтүүгө укуктуубу?
Ооба, Ыйык Китептен адамдын өзү туура көргөн динге өтүүгө укугу бар экенин билүүгө болот. Анда туугандары же өзү мурда туткан дининен чыгып, чыныгы Кудайга сыйынууну тандагандар жөнүндө жазылган. Мисалы, Ыбрайым пайгамбар, Рут деген аял, афиндиктердин айрымдары жана элчи Пабыл Жахабага сыйынууну тандашкан (Жашыя 24:2; Рут 1:14—16; Элчилер 17:22, 30—34; Галатиялыктар 1:14, 23). Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, адам атүгүл Кудайга жаккан жолдон чыгып, башка жолду тандаганга да укуктуу (1 Жакан 2:19).
Бириккен Улуттар Уюму «адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдардын пайдубалы» деп атаган Адам укуктарынын жалпы декларациясында да башка динге өтүү укугу тууралуу айтылат. Ал документте адамдын «өз динин же ынанымын эркинче өзгөртүүгө», ошондой эле «маалыматты жана идеяларды [анын ичинде диний идеяларды]... издөө, кабыл алуу жана таратууга» укуктуу экени жазылат c. Бирок бул адамды башкалардын диний көз карашын урматтоого жана алардын өздөрү туура көрбөгөн диний идеяларды четке кагуу укугун сыйлоого милдеттендирет.
Адамдын башка динге өткөнү үй-бүлөсүн саткандыкка жатабы?
Жок, андай эмес. Ыйык Китепте бардык адамдарды, алар кайсы динди тутпасын, сыйлоо керектиги айтылат (1 Петир 2:17). Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрү, Ыйык Жазмадагы буйрукка ылайык, ата-энеси башка динди тутса да, урматтап-сыйлашат (Эфестиктер 6:2, 3).
Бирок Ыйык Китептеги мындай көз карашка баары эле кошула бербейт. Замбиялык бир аял: «Мен жашаган жергеде башка динге өтүү чыккынчылык кылганга тете болчу, андай адамга үй-бүлөсүн же элин сатып жибергендей карашчу»,— дейт. Ал өспүрүм кезинде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда мындай нерсени өз башынан өткөргөн. Ошентсе да ал көп өтпөй Жахабанын Күбөсү болууну чечкен. «Ата-энем: „Эл караган бетибизди жер караттың“ — деп, мага катуу нааразы болушкан. Бул мен үчүн абдан оор болгон, анткени ата-энемди аябай жакшы көрөм... Адамдар чыгарган каада-салттарга карманууну эмес, Жахабанын эркин аткарып, ага ишенимдүү болууну тандаганың үй-бүлөңөн баш тартканыңды билдирбейт»,— дейт ал d.
a Кара: «Күзөт мунарасы», 2002-жыл, 1-январь, 22-бет, 15-абзац.
b Б.з. болж. м-н 785-жылы Франция королу Шарлемань Саксониядагы адамдар христианчылыкты кабыл алып, чөмүлүшү керек деген буйрук чыгарган. Ал буйрукка баш ийбегендер өлүм жазасына тартылмак. Ошондой эле б.з. 1555-жылы Ыйык Рим империясындагы каршылаш эки тараптын ортосунда түзүлгөн Аугсбург диний тынчтык келишимине ылайык, ар бир аймактын башкаруучулары рим-католик динин же лютеран динин кабыл алууга жана өздөрүнүн бийлиги алдындагыларды ошол динге өткөрүүгө милдеттүү болушкан. Ал эми ошол башкаруучулардын динин кабыл албагандар башка жакка көчүп кетүүгө тийиш эле.
c Ушу сыяктуу укуктар Адам укуктары боюнча Африка хартиясында, Адам укуктары жана милдеттери жөнүндөгү Америка декларациясында, Адам укуктары боюнча араб хартиясында (2004), АСЕАНдын (Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоцияциясы) адам укуктары жөнүндөгү декларациясында, Адам укуктары боюнча Европа конвенциясында, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактта камтылат. Бирок жарандарына ушундай укуктарды берген өлкөлөрдө да мыйзамга карманууга келгенде ар башкача иш-аракет кылынат.
d Ыйык Китепте чыныгы Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.