Жахабанын Күбөлөрү кызмат кылганга кантип окутулуп-үйрөтүлүшөт?
Жахабанын Күбөлөрү дайыма билим алып турушат. Ал билим жашоонун бардык тармагына пайдасын тийгизет. Бул өз ичине Кудайга кызмат кылууну да камтыйт. Бул кызмат, Иса жолдоочуларына буйрук кылгандай, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга жарыялап, аларды окутууну билдирет (Матай 24:14; 28:19, 20). Биз андай билимди жума сайын жолугушуулардан, жыл сайын райондук жана региондук жыйындардан алабыз. Жыйналышта же уюмда жоопкерчиликти колго алгандар Ыйык Китепке негизделген мектептерден тереңирээк билим алышат.
Бул макалада:
Жахабанын Күбөлөрү кандай билим алышат?
Жолугушуулар. Жума сайын эки жолу Кудайыбызга сыйына турган имараттарыбызга чогулабыз. Ал имараттар Падышалык залдары деп аталат. Жолугушууларыбыздын бири иш күндөрүндө өткөрүлөт. Экинчиси дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Эшик баарына ачык. Эч кандай акча чогултулбайт.
Иш күндөрүндөгү жолугушуу. Андай жолугушуулардан жакшы окуганды, чебердик менен маек курганды, эл алдына чыгып сүйлөгөндү, кабар айтканды жана окутканды үйрөнөбүз. Окутуу программасында баяндамалар, талкуу, демонстрациялар жана видеолор бар. Бул бизге Ыйык Китептеги кабарды жакшы айтканга, кызыккандар менен Ыйык Китепти изилдегенге көмөк кылат. Мындай билимдин үзүрүн жолугушууга катышкандардын баары көрө алат. Баарынан маанилүүсү, жолугушууларыбызда Кудайга болгон ишенимибиз, сүйүүбүз өсүп, ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүз чыңдалат.
Дем алыш күндөрүндөгү жолугушуу. Эки бөлүктөн турган бул жолугушуу Ыйык Китепке негизделген баяндама менен башталат. Негизи, бул баяндамалар жакшы кабарга кызыккандарга арналат. Экинчи бөлүгү суроо-жооп иретинде өткөрүлөт. Анда «Күзөт мунарасынын» a изилдөөгө арналган чыгарылышындагы бир макала талкууланат. Ал макалаларда кызматыбызга жана жашообузга керектүү Ыйык Китептеги принциптер же ага негизделген темалар каралат.
Райондук жана региондук жыйындар. Жылына үч жолу чоң жыйындар болуп турат. Алардын ар бирине көптөгөн жыйналыштар чакырылат. Кубаныч тартуулаган андай жыйындардын темасы Ыйык Китепке негизделет. Жыйындардын программасы өз ичине баяндамаларды, демонстрацияларды, дил маектерди жана видеолорду камтыйт. Жума сайынкы жолугушууларыбыздай эле, райондук жана региондук жыйындарда Ыйык Китепке болгон билимибиз артат. Бул бизге жакшы кабар тараткан мыкты кызматчылардан болгонго жардам берет. Жума сайынкы жолугушууларыбыздай эле, мындай чоң жыйындарыбызга каалагандардын баары келсе болот. Эч кандай акча чогултулбайт.
Жахабанын Күбөлөрү билим алган Ыйык Китепке негизделген мектептер
Тереңирээк билим алыш үчүн айрым Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген ар кандай мектептерге чакырылышат. Ал эмне болгон мектептер? Ал мектептердин максаты кандай? Окутуу программасы канчага созулат? Кимдер чакырылышы мүмкүн?
Пионерлердин мектеби
Максаты кандай? Толук убакыт кызмат кылган пионерлер b деп аталган жарчыларды кабар айтуу жана окутуу ишинде жемиштүү болгонго даярдоо. Программа өз ичине класс менен талкуулоону, демонстрацияларды, баяндамаларды жана иш жүзүндө колдонууга жардам берген бөлүктөрдү камтыйт.
Канча убакытка созулат? Алты күн.
Кимдер чакырылат? Пионер болуп кызмат кылганына бир жыл болгондор. Көп жылдардан бери пионер болуп кызмат кылып жүргөндөр да окуганына беш жыл болгондон кийин кайра чакырылышы мүмкүн.
Падышалыктын жарчыларынын мектеби
Максаты кандай? Толук убакыт кызмат кылган тажрыйбалуу жарчыларга атайын билим берүү. Окуучулар кабар айтуу, окутуу чеберчилигин арттырышат жана Ыйык Китепти казып изилдешет. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр жакшы кабар жарыялаган жарчылар көбүрөөк керек болгон жерлерге кызмат кылганга чакырылышат.
Канча убакытка созулат? Эки ай.
Кимдер чакырылат? Белгилүү бир талаптарга жооп берген, көбүрөөк жарчылар керек болгон жерлерде кызмат кылганга жагдай-шарты жол берген пионерлер арыз толтура алат.
Жыйналыш аксакалдарынын мектеби
Максаты кандай? Жыйналыштагы аксакалдарга c Кудайдын элин окутуу жана аларга кам көрүү сыяктуу милдеттерин жакшы аткарганга жардам берүү. Ошондой эле Кудайга жана ишенимдештерине болгон сүйүүсүн чыңдоо (1 Петир 5:2, 3).
Канча убакытка созулат? Беш күн.
Кимдер чакырылат? Жаңы дайындалган аксакалдар жана бул мектептен окуганына беш жыл болгон тажрыйбалуу аксакалдар.
Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектеп
Максаты кандай? Райондук көзөмөлчүлөр d деп аталган кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү милдеттерин жакшы аткарууга үйрөтүү (1 Тиметей 5:17). Программа ал мектептен окуган аксакалдарга жана алардын жубайларына Ыйык Китепти тереңирээк түшүнгөнгө жардам берет.
Канча убакытка созулат? Бир ай.
Кимдер чакырылат? Жаңы дайындалып кызмат кылганына бир жыл болгон райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары. Алар беш жылдай убакыт сайын кайра чакырылып турушат.
Падышалык кызмат мектеби
Максаты кандай? Жыйналыштагы аксакалдарды жана кызмат жардамчыларын e учурдагы жагдайларды жана муктаждыктарды эске алып, жыйналыштагы милдеттерин жакшы аткарганга үйрөтүү (2 Тиметей 3:1). Мектеп беш жыл сайын өткөрүлүп турат.
Канча убакытка созулат? Муктаждыкка жараша. Көбүнчө бир күн.
Кимдер чакырылат? Райондук көзөмөлчүлөр, аксакалдар жана кызмат жардамчылары.
Бейтелдик кызмат мектеби
Максаты кандай? Бейтелдин f мүчөлөрүнө кызматын сапаттуу аткарганга жана Кудайга, бири бирине болгон сүйүүсүн арттырганга жардам берүү.
Канча убакытка созулат? Беш жарым күн.
Кимдер чакырылат? Бейтелге жаңы келгендер сөзсүз чакырылат. Бейтелде узак убакыттан бери кызмат кылып жүргөндөр акыркы беш жылдын ичинде бул мектептен окуй элек болсо, кайра чакырылышы мүмкүн.
Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектеби
Максаты кандай? Окуучуларга Кудайдын Сөзүн жакшы көрүп, баалай бергенге түрткү берүү. Ошондой эле окуп-билгендерин иш жүзүндө колдонууга жардам берүү (1 Тесалоникалыктар 2:13). Гилат мектебин бүтүргөн Кудайга берилген эркектер жана аялдар Кудайдын уюмунун керегине жарап, дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишинде көптү кыла алышат. Бүтүрүүчүлөр өзүнүн өлкөсүндөгү же башка өлкөдөгү филиалга дайындалышы мүмкүн. Айрымдары болсо өзүнүн өлкөсүнө же башка өлкөгө миссионер болуп дайындалышы же атайын толук убакыт кызматтын кайсы бир түрүн аткарганга дайындашы ыктымал.
Канча убакытка созулат? Беш ай.
Кимдер чакырылат? Филиалдар толук убакыт кызмат кылган жарчылардын арасынан тандап, аларды арыз толтурууга үндөйт. Бул мектеп Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (АКШ, Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда өткөрүлөт.
Филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана алардын жубайлары үчүн мектеп
Максаты кандай? Филиалдын комитетинин g мүчөлөрүн филиалдагы ишке көзөмөл жүргүзгөнгө окутуп-үйрөтүү. Ошондой эле филиалдын карамагындагы өлкөдөгү же өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишке көзөмөл жүргүзгөнгө даярдоо.
Канча убакытка созулат? Эки ай.
Кимдер чакырылат? Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы бул мектептен билим алганга кээ бир филиалдардагы филиалдын комитетинин мүчөлөрүн жана алардын аялдарын чакырат. Мектеп Патерсондогу (Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда өткөрүлөт.
Жахабанын Күбөлөрү алган билим эмнеге негизделет?
Жахабанын Күбөлөрүнүн эң негизги китеби — Ыйык Китеп. Алар билимди андан алат. Биз Ыйык Китептин Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылганына ишенебиз. Анда Кудайдын кызматчыларынын жашоосунун ар бир тармагына керектүү кеңештер, көрсөтмөлөр жазылганына да шектенбейбиз (2 Тиметей 3:16, 17).
Жахабанын Күбөлөрү алган билими үчүн акча төлөшөбү?
Жок. Билим алуу акысыз. Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн иш ыктыярдуу тартуулардын негизинде каржыланат (2 Корунттуктар 9:7).
a Ыйык Китепти жана аны изилдегенге жардам берген адабияттарды, алардын ичинде видеолорду jw.org веб-сайтынан таба аласыңар.
b Чөмүлгөн жана жакшы кабарды жарыялаганга ай сайын белгилүү бир убакыт бөлгөн үлгүлүү Жахабанын Күбөлөрү (эркектер же аялдар) пионерлер деп аталат.
c Аксакалдар — бардык жагынан жетилген Исанын жолдоочулары. Койчуларга салыштырылган андай аксакалдар Жахабанын элин Ыйык Китепти колдонуп окутуп-үйрөтүшөт. Ошондой эле аларга зарыл көмөк көрсөтүшөт, дем-шык берип, Кудайга болгон ишенимин бекемдешет. Эмгеги үчүн акы алышпайт.
d Райондук көзөмөлчү — өзү дайындалган райондогу жыйналыштарды кыдырган толук убакыт кызмат кылган кызматчы. Ал Ыйык Китепке негизделген баяндамаларды айтып, Кудай кошкон бир туугандарына дем-шык берет. Ошондой эле алар менен чогуу жакшы кабар айтуу ишине катышып, аларды кубаттандырат.
e Кызмат жардамчылары жыйналыштагы бир туугандарга жардам бериш үчүн ар кандай иштерди аткарышат. Ушунун аркасында аксакалдарда жыйналыштагыларды окутуп-үйрөткөнгө жана аларга кам көргөнгө көбүрөөк убакыт болот.
f Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдары Бейтел деп аталат. Ал жактагылар бүт убактысын Кудайга кызмат кылганга арнашат. Алар өздөрү жашаган өлкөдөгү филиалдын аймагындагы Жахабанын Күбөлөрүнө колдоо көрсөтүшөт.
g Филиалдын комитети Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган үч же андан көп эркектен турат.