Мазмунун көрсөтүү

Сол тараптан караганда: Сахна, угуучулар, техникалык жактан тейлегендер. Марк Сандерсон ок атуудан аман калгандар жана алардын үй-бүлөлөрү менен сүйлөшүп жатат. Эскерүү аземинин программасы. Күйүт тарткандарды сооротуп-жубаткан сөздөр жазылган открыткалар, каттар. Сахнада Жахабанын Күбөлөрүнүн кыл аспаптар ансамбли ыр аткарып жатат. Программа бүткөндөн кийин эки карындашыбыз бири-бирин кайраттандырып жатат. Программанын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жаткан полиция кызматкерлери менен өрт өчүргүчтөр

10-АПРЕЛЬ, 2023
ГЕРМАНИЯ

Гамбургдагы ок атуудан курман болгондорду эскерүүгө миңдеген кишилер барды

Гамбургдагы ок атуудан курман болгондорду эскерүүгө миңдеген кишилер барды

2023-жылы 9-мартта Германиянын Гамбург шаарындагы Падышалык залындагы ок атуудан кайтыш болгон жана жарадар болгон ишенимдештерибиз жөнүндө укканда дүйнө жүзүндөгү боордошторубуздун да, башка адамдардын да жүрөгү тилинбей койгон жок. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Марк Сандерсон менен Басма комитетинин жардамчысы Гаюс Глоккентин, ошондой эле Борбордук Европадагы филиалдын комитетинин мүчөлөрү ишенимдештерибизди кайраттандырып, сооротуп-жубатыш үчүн Гамбург шаарына барышты. 25-мартта ошол шаардагы спорт стадионунда ок атуудан курман болгондорду эскерүү үчүн атайын жолугушуу өткөрүлдү. Жүрөктү козгогон программаны уккандар Ыйык Китепте жазылгандар күйүт тарткандарды сооротуп, кубаттай аларына ынана алышты. Ок атуудан аман калган бир ишенимдешибиз: «Бүгүн өзүбүздү Жахаба бизди кучактагандай эле сездик»,— деген. Анын сөздөрүнө ошол жолугушууга катышкандардын көбү кошулат.

Жолугушуу өткөн жерге 3 300дөн ашуун киши барды. Ал эми түз эфир аркылуу 90 000ден ашык киши программаны көрдү.

Жолугушууга ишенимдештерибизден тышкары, бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар боюнча уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алсак, Гамбург шаарынын биринчи жана экинчи мэри, Гамбург шаарынын парламентинин президенти, АКШнын Гамбурдагы башкы консулу, Ички иштер жана спорт боюнча сенатор, Сенат кеңсесинин башчысы, Гамбург полициясынын башчысы жана Полициянын вице-президенти барды.

Залга чогулгандар менен кыл аспаптар ансамбли «Кудайдын керемет иштери» деген ырды ырдап жатышат

Эскерүү аземи ишенимдештерибиз аткарган музыкалык аспаптардын коштоосунда Падышалык ыры менен башталды. Программага Борбордук Европадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Йоахим Шевчик төрагалык кылды. Ал сахнага Борбордук Европадагы филиалдын комитетинин дагы бир мүчөсү Дирк Цюпекти чакырды. Ал курман болгондорду эскерүүгө арналган баяндаманы айтты. Андан соң Дирк бир тууганыбыз Ыйык Китепке негизделген кийинки баяндаманы айта турган Марк Сандерсонду чакырды. Соңунда Дирк бир тууганыбыз программаны жыйынтыктады. Акырында дагы бир жолу Падышалык ыры ырдалып, андан кийин Гаюс Глоккентин Кудайга кайрылып тиленди.

Марк Сандерсон баяндамасында төбө чачты тик тургузган окуяларга Кудай себепкер эмес экенин түшүндүрдү. Ал мындай нерселердин, Насаатчы китебинде айтылгандай, күтүлбөгөн убакта болгон күтүлбөгөн жагдайлар экенин айтып өттү (Насаатчы 9:11). Ошондой эле: «Биз таш боордукка жаткан ушундай иштерди Кудай кандайдыр бир себеп менен кылды деп ойлоп, себебин тапканга аракет кылбай эле коюшубуз керек... Кайгы-касиреттерди көтөрүп кеткенге үмүтүбүз, ишенимибиз, сүйүүбүз жардам берет. Алар жек көрүүчүлүктөн да, зордук-зомбулуктан да күчтүү»,— деп кошумчалады. Мындан тышкары, ал ишенимдештерибизге кол сунган полиция кызматкерлерине, өзгөчө кырдаалдар боюнча уюмдардын кызматкерлерине, тез жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

Дирк Цюпек

Жүрөктү козгогон баяндамасында Дирк бир тууганыбыз мындай деди: «9-мартта бир нече эле кишиге кол салынды деп айтканга болбойт. Чынында, баарыбызга кол салынды десек болот. Бүгүн бул жерге бизди жек көргөндөрдүн, зордук-зомбулук кылгандардын айынан жапа чеккенде эмне кылышыбыз керек деген суроону талкуулаш үчүн чогулуп отурабыз. Ушундай учурларда башкаларды сүйгөндү токтотпошубуз, боорукер, жароокер болушубуз керек. Ошондой эле үмүтүбүздү, ишенимибизди бек сакташыбыз керек. Ыйык Китепте: „Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең“,— деп айтылат. Биз ушундай кылганга чечкиндүүбүз. Бүгүн бул жерге мына ушундай кылыш үчүн чогулдук» (Римдиктер 12:21).

Дирк бир тууганыбыз, өзгөчө, кайтыш болгондордун атын атаганда көптөр кармана албай, ыйлап жатышты. Ал каза болгон ар бир ишенимдешибизди атынан атап: «Бүгүн бул жерге Штефан, Зебастиан, Жеймс, Мэри, Стефани, Дан, ошондой эле ымыркайыбыз Роми (энесинин ичинен чарчап калган бала) менен коштошуш үчүн, аларды эскериш үчүн да чогулуп отурабыз»,— деди. Анан каза тапкандардын досторуна, үй-бүлөсүнө кайрылып: «Кымбаттуу жакындарыбыз, биз дайыма жаныңарда болуп, жөлөп-таяганга даярбыз»,— деп айтты.

Акырында Кудайдан тиленип, аман калгандардын ар бирине токтолуп, сонун сапаттары бар экенин айтканда, отургандардын мууну-жүнү бошобой койгон жок. Ал Аян 21:4, 5теги сөздөрдү айтып, мындай деп кошумчалады: «Көзү өтүп кеткендерди сагынбай койбойбуз. Күйүт да тартабыз. Алар биздин бир боорубуз бойдон кала берет. Бирок жакында бизди азыр күйүткө батырган жараатыбыз айыга турган күн келет. Себеби Кудай өлүмдү биротоло жок кылат... Экинчи эч ким өлбөйт. Иса пайгамбар менен анын элчилери так ошол жөнүндө кабар айтышкан. Биз ушуга үмүттөнөбүз. Өлүм жеңиле турган күн келет. Өлүм менен эле баары бүтүп калбайт. Кудай өлүмдү багындыра алат... Биз Штефан, Зебастиан, Жеймс, Мэри, Стефани, Дан, ошондой эле кичинекей досубуз Роми менен сөзсүз кайрадан көрүшөбүз!»

Гамбург шаарынын биринчи мэри Петер Ченчер

Эскерүү аземинен кийин бийлик өкүлдөрүнүн айрымдарына сөз берилди. Сөз сүйлөп жатып Гамбург шаарынын биринчи мэри Петер Ченчер мырза жана Гамбугр шаардык парламентинин президенти Карола Файт курман болгондордун жакындарына, досторуна көңүл айтышты. Ченчер мырза аман калгандар Кудайга бекем ишенгени үчүн күйүтүн көтөрүп, алган жараатына чыдап жатканын, кайратынан жазбаганын айтып өттү. Ошондой эле Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жазган катты да окуп берди.

Гамбур шаардык парламентинин президенти Карола Файт

Аземге жалпыга маалымдоо кызматтарынын журналисттери да катышып, элге маалымат берип жатышты. Бир телестанциянын кызматкери: «Бул жерге келген бардык адамдардын боорукердигине аябай таасирленип жатам»,— деп айткан. Анан себебин түшүндүрүп: «Буга чейин далай эле жолугушууларга катышканбыз. Бирок бул жерде өкүм сүргөндөй маанайды бир да жолу көргөн эмеспиз. Маани-маңызы терең баяндамаларды өмүрүбүздө биринчи жолу уктук. Алардын кандай айтылганы да таң калтырды»,— деген.

Ок атуудан аман калган бир жубайлар: «Үмүтүбүз бар экени, туш-тарабыбыздан ишенимдештерибиздин колдоп турганы кандай сонун! Бул акырындык менен күйүтүбүздү басаңдатып жатат»,— деп оюн бөлүштү.

Ок атылган Падышалык залындагы жыйналыштардын биринде кызмат кылган бир ишенимдешибиз: «Күйүтүм күч болуп, аябай чарчап жүргөм. Бул жерге ошондон бир аз болсо да жеңилдеш үчүн эле келгем. Азем сонун өттү... Баяндама айткандардын да, сөз сүйлөгөн бийлик өкүлдөрүнүн да сөзүнөн кайгыбызды тең бөлүшүп жатканы сезилип жатты»,— деди.

Ошол аземдин уюштурулганынан, чынында, Жахаба өз элин канчалык жакшы көрөрү, алардын камын ойлору айкын көрүндү. Гамбург шаарындагы ок атуудан жапа чеккендерди «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайыбыз» мындан ары да колдой берет деп бекем ишенебиз (2 Корунттуктар 1:3).

 

Сахнада программанын төрагасы жана Борбордук Европадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Йоахим Шевчик, анын артында Жахабанын Күбөлөрүнүн кыл аспаптар ансамблинде ойногон чебер музыканттар отурат

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Марк Сандерсон Ыйык Китепке негизделген, күйүт тарткандарды кайраттандырган баяндама айтып жатат, жанында котормочу немис тилине которуп жатат

Сахнанын бет маңдайындагы алдыңкы катарында бийлик өкүлдөрү программаны угуп отурушат

Программа бүткөндөн кийин бири-бири менен баарлашып, бири-бирин жубатып жаткан ишенимдештерибиз

Имараттын кире беришине коюлган, ишенимдештерибизди жубатыш үчүн жазылган каттар жана открыткалар

Имараттын далисинде Германиядагы телестанциянын журналисти курман болгондордун айрымдарын жакшы тааныган жыйналыштын аксакалы менен маек куруп жатат