Мазмунун көрсөтүү

Ок атылган Падышалык залы. Гамбург шаарынын тургундары жана бийлик өкүлдөрү көңүл айтып, залдын кире беришине коюп кеткен гүлдөр

20-МАРТ, 2023
ГЕРМАНИЯ

Германиянын Гамбург шаарындагы Падышалык залында ок атылды

Германиянын Гамбург шаарындагы Падышалык залында ок атылды

Буга чейин айтылгандай, 2023-жылдын 9-мартында жыйналыш учурунда бир киши Падышалык залына кирип барып ок чыгарган. Ошол учурда иш күндөрүндөгү жолугушуу жаңы эле бүткөн. Ал киши Гамбург-Винтерхуд деген ошол жыйналыштагы бир нече ишенимдешибизди атып өлтүрүп, бир нечесин жарадар кылган. Бирок полиция кызматкерлери Падышалык залына кирип барганда, токтоп калган. Анан өзүн өзү атып салган. Ошол каргашалуу окуядан кийин жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө да, дүйнө жүзүндөгү башка Жахабанын Күбөлөрүнө да бийлик өкүлдөрү, ар кандай уюмдар жана төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган адамдар көңүл айтышкан.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Өкүнүчтүүсү, 4 ага-инибиз, 2 эже-карындашыбыз каза таап, бир карындашыбыздын боюндагы баласы чарчап калды

  • 2 ага-инибиз, 7 эже-карындашыбыз жаракат алды

Жардам берүү иштери

  • Борбордук Европадагы филиалдын өкүлдөрү, эки райондук көзөмөлчү жана жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарга көңүл айтып, кайраттандырып жатышат

Жан кейиткен ушул окуядан жапа чеккен боордошторубуз үчүн тиленип туралы. Жахаба — «алаамат күнү чеп болуп» берген Кудай. Башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, ага мындан ары да тынч кызмат кыла берсек, баарын көтөрүп кеткенге жардам берет (Накум 1:7).