Мазмунун көрсөтүү

23-ДЕКАБРЬ, 2021
ГЕРМАНИЯ

Матай жана Жакан китептери немис жаңдоо тилинде чыкты

Матай жана Жакан китептери немис жаңдоо тилинде чыкты

2021-жылы 18-декабрда Борбордук Европадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Дирк Грундманн немис жаңдоо тилинде Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» алгачкы бөлүгү жарык көргөнүн кулактандырды. Бул программаны видеобайланыш аркылуу болжол менен 800дөй киши көрө алды.

Германия өкмөтү немис жаңдоо тилин тил катары 2002-жылы гана кабыл алган. Ал эми Жахабанын Күбөлөрү 1960-жылдардан бери эле райондук жана региондук жыйындарда программаны немис жаңдоо тилине которуп келишкен. Учурда немис жаңдоо тилинде өткөрүлгөн 11 жыйналыш менен 21 топто 571 жарчы кызмат кылат.

1973-жылы Мюнхенде (Германия) өткөрүлгөн региондук жыйында немис жаңдоо тилине которуп жаткан ишенимдешибиз

Ыйык Жазманын немис жаңдоо тилине которулган толук китептери биринчи жолу жарык көрдү. Буга чейин айрым эле аяттар которулган болчу. Андыктан жарчылар өздүк изилдөөдө же кызматта ошолорду гана колдоно алышчу.

«Биздин тилге айрым эле аяттар которулуп, Ыйык Жазма толугу менен жок болгондуктан, андагы принциптерди же окууларыбыздын туура экенин бышыктаган аяттарды табыш кыйын болчу. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды күн сайын андан үзүндү көрүүгө да үндөө жеңилге турчу эмес. Себеби бири-бири менен байланышы жок ар кайсы аяттарды көрүү оңой эмес»,— деп ой бөлүшөт бир жарчы.

Немис жаңдоо тилине которгон топ студияда видео жаздырып жатат

Ал эми которуу ишине катышкан бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Кулагы укпагандар Жахаба менен дос боло алышы үчүн, анын Сөзүн которуу чынында эле керемет иш деп айта алам. Ушул долбоорго катышканыбыз жүрөгүбүздү козгоду. Биз үчүн бул чоң сыймык да болду».

Немис жаңдоо тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосу» дагы көптөгөн мүнөзү жумшак адамдарга Жахабанын жолун таанып-биле бергенге жардам бере берсин деп тиленип турабыз (Забур 25:9).