Мазмунун көрсөтүү

Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын канцлери

2017-ЖЫЛ, 10-ОКТЯБРЬ
ГЕРМАНИЯ

Германия Жахабанын Күбөлөрүнө эң жогорку укук статусун берди

Германия Жахабанын Күбөлөрүнө эң жогорку укук статусун берди

26 жылдан ашык убакытка созулган сот иштеринен кийин Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү, өлкөдөгү негизги диндердей эле, укуктук статуска ээ болушту. 2017-жылдын 27-январында Түндүк Рейн-Вестфалия штаты, Германиядагы 16 штаттын акыркысы болуп, Жахабанын Күбөлөрүнө жарыя укук статусун берген. Мындай чечимдин чыгарылганы Жахабанын Күбөлөрү үчүн зор мааниге ээ. Себеп дегенде алардын Германияда бар болгонуна 100 жылдан ашык убакыт өтсө да, жергиликтүү диний борбору жана өлкөдөгү миңдеген жыйналыштары көз карандысыз диний бирикмелер катары эсептелип келген. Ошентип, акыры, бүт өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнө жарыя укук статусу берилип, бир эле диний жак катары саналып калды. Ошонун аркасында алар бул статус берген жеңилдиктерге ээ болууда.

Жарыя укук статусун алуу үчүн узак убакыттан бери жүргүзүлгөн күрөш

1921-жылы Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү биринчи жолу жеке укуктун негизинде катталган. 1990-жылы Германия бириккенден кийин Жахабанын Күбөлөрү бийликтегилерге жарыя укук статусун беришин сурап кайрылышкан. Анткени бул статусту алган диний уюмдар көптөгөн жеңилдиктерге ээ болушчу.

Кайсы бир диний бирикме бүт өлкө боюнча жарыя укук статусуна ээ коомдук бирикме катары катталыш үчүн, адегенде штатынан жарыя укук статусун алуу талап кылынат. Андан соң Германиядагы башка 15 штатка ошондой статус беришин сурап кайрылышы керек. 1990-жылы биринчи жолу Берлин штатына «Жеховас Зеуген ин Дейтсчленд» (Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү) диний бирикмеси азыркыга чейин колдонулуп келе жаткан юридикалык дарек менен кайрылган. Жарыя укук статусун беришин сурап кайрылган диний уюмдардын көбү ал статусту кыска убакыттын, бир же эки жылдын, ичинде эле ала алышса да, Берлин өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө көп жылдар бою жарыя укук статусун берүүдөн баш тартып келген. Өкмөттүн баш тартып келгенинин бир себеби Жахабанын Күбөлөрүнүн шайлоодо добуш бербегени болгон. Бирок бул жүйөлүү себеп эмес болчу, анткени, мыйзам боюнча, Германиянын жарандарынан добуш берүү талап кылынбайт. Ар бир адам шайлоого өз ыктыяры менен катышышы керек.

Жахабанын Күбөлөрү бул маселе боюнча сотко кайрылышкан. 2005-жылы 24-мартта Берлиндеги Жогорку административдик сот Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү «жарыя укук статусуна ээ коомдук бирикме» катары таанылышы керек деген чечим чыгарган. Ошондон бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин Берлин штаты Жахабанын Күбөлөрүнө жарыя укук статусун берген. Ошентип, 16 жылга созулган күрөш аяктаган.

Жахабанын Күбөлөрү кийинчерээк жарыя укук статусун беришин сурап, Германиянын калган 15 штатына кайрылышкан. 2009-жылы 11 штат, кийинки жылдары 3 штат, 2017-жылдын 27-январында, эң акыркысы болуп, Түндүк Рейн-Вестфалия штаты Жахабанын Күбөлөрүнө жарыя укук статусун берген. Жахабанын Күбөлөрүнүн Германиядагы башка негизги диндерге берилген бирдей укуктук статусту алыш үчүн багынбай күч жумшаганынын акыбети кайтып, 26 жылдай убакка созулган сот иштери аягына чыкты.

Жарыя укук статусунун пайдалары

Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борбору жана 2 000ден ашуун жыйналышы учурда бир бирикме катары иш жүргүзүүдө. Мурун, бери дегенде, бир жыйналыштан турган бирикменин ар бири көз карандысыз диний бирикме катары эсептелгендиктен, штаттардын мыйзамына ылайык, жыл сайын отчёт берип, салыктарды төлөп турууга тийиш болгон. Жаңы аксакалдардын дайындалышына, жаңы имаратка ээ болууга, жыйналыштардын атынын өзгөрүшүнө же бириктирилишине байланыштуу бирикменин түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдүн баарын өкмөткө билдирип турууга милдеттүү болчу. Өкмөткө отчёт берип туруу көп күчтү, көп убакытты алчу. Эми болсо жыйналыштардын аксакалдары жыйналыштын мүчөлөрүнө кам көрүүгө бүт көңүлүн топтоп жатышат. Жахабанын Күбөлөрү жарыя укук статусун алганга чейин отчёт бергенден тышкары, салык төлөп турууга тийиш болчу. Бир жыйналышта көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылган бир тууган: «Азыр ыктыярдуу тартууларды жыйналыштын мүчөлөрүнүн кабар айтуу ишин аткарышына колдоо көрсөтүүгө жумшап жатабыз»,— деп айткан.

Германияда өткөн жолугушууларына 274 000дей Жахабанын Күбөсү жана башкалар келип жүрсө да, эң жогорку укуктук статусу, жарыя укук статусу, жок болгондуктан, алардын дини негизги дин катары эсептелчү эмес. Германиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борборунун жактоочусу Армин Пики байкагандары тууралуу мындай деген: «Жарыя укук статусуна ээ коомдук бирикме катары катталыш үчүн сот иштери жүрүп жаткан 26 жылдан ашык убакыттын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жахабанын Күбөлөрүн каралап, жалаа жапкан жүздөгөн билдирүүлөр, айрым учурда жума сайын чыгып турчу. Азыр андай билдирүүлөр кыйла азайды». Узак убакыттан бери Жахабанын Күбөсү болуп келаткан Вернер Рудтке мындай деген: «Жарыя укук статусуна ээ коомдук бирикме катары катталгысы келген диний бирикме бардык жагынан мыйзамга баш ийиши керек болгондуктан, Жахабанын Күбөлөрүн каралаган жалган жалаанын баары жокко чыгарылууга тийиш». Петра деген дагы бир Жахабанын Күбөсү мектеп окуучуларынын мурда кандай кыйынчылыктарга туш болгону тууралуу мындай деп айткан: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундай укукка ээ болгону мектепте окугандар үчүн аябай жакшы болду. Буга чейин аларды кайсы бир диний уюмдун эмес, сектанын мүчөсү деген жалаадан улам мугалимдер кодулап келишкен».

Германиядагы Жахабанын Күбөлөрү алардын чын жүрөктөн аткарган диний иштери жарыя укук статусун алганга негиз берет деп тапканы үчүн өкмөткө ыраазычылык билдирет. Алар мындай статусту алганынын аркасында мурун кабылып келген кыйынчылыктары азаярына, ошондой эле андан жыйналыштын бардык мүчөлөрү жеке инсан катары да, жалпы диний жамаат катары да көп пайда аларына үмүттөнүшөт.

2017-10-10