Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 23-АВГУСТ
ИНДОНЕЗИЯ

Жер титирөө Индонезиядагы аралды бүлгүнгө учуратты

Жер титирөө Индонезиядагы аралды бүлгүнгө учуратты

Июль айынын аягында жана август айынын башында бир нече жолу болгон жер титирөө Индонезиянын Ломбок аралын бүлгүнгө учуратып, бери дегенде, 436 кишинин өмүрүн алып кетти. Ошондой эле 350 000дей киши башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Кубаттуулугу 7 баллга жеткен бир жер титирөөдө көптөгөн имараттардын таш-талканы чыгып, жалпы чыгым жүз миллиондогон долларларды түздү.

Жакартадагы филиалыбыздын билдирүүсүнө ылайык, бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болгон жок же жаракат алган жок. Бирок айрым жарчылардын үйлөрү зыян тартты. Андан тышкары, аралдагы 40 жарчыдан турган жалгыз жыйналыш сыйынуу үчүн чогулган имарат да талкаланып калды. Филиалыбыздын эки өкүлү кандай жардам көрсөтүлүшү керектигин аныктоо үчүн жана бир туугандарды жубатып-бекемдөө үчүн кырсык болгон аймакка барып келишти.

«Ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду» соороткон Жахаба Кудай бул кырсыктан жабыркаган бир туугандарыбызды да сооротуп-жубатарын билебиз жана алар үчүн мындан ары да тиленип турабыз (2 Корунттуктар 1:4).