Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 30-ИЮЛЬ
АЗЕРБАЙЖАН

Азербайжанда тарыхый региондук жыйын өттү

Азербайжанда тарыхый региондук жыйын өттү

2019-жылдын 26—28-июлунда Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрү өлкөнүн борбор калаасы Бакудагы «Дарнагюль салтанат үйүндө» жыл сайынкы региондук жыйынын өткөрүштү. Эл аралык жыйындар өтүп жаткан бул өзгөчө жылы Бакуда өткөн региондук жыйын тарыхий мааниге ээ болду. Мунусунда бул жыйын Азербайжанда өткөн жыйындардын эң чоңу болду. Ошондой эле Азербайжанда биринчи жолу бүтүндөй өлкөдөгү азербайжан жана орус жыйналыштардын баары бир жыйынга чогулушту.

Азербайжанда болжол менен 1 500дөй эле жарчы бар. Ошентсе да жыйынга катышкандардын жогорку саны 1 938ге жетти. Ал эми чөмүлгөндөрдүн саны 33 болду. Бийликтегилер Марк Сандерсон бир тууганга жыйында сөз сүйлөгөнгө уруксат беришти. Ошентип, Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Азербайжанда биринчи жолу жыйынга катышты. Уруксат бергени үчүн биз бийликтегилерге абдан ыраазыбыз.

Ишенимдештерибиз ортодогу биримдиги менен зор күбөлөндүрүү беришти. Жыйын өткөн жайдын жетекчиси Жахабанын Күбөлөрүнүн ортосунда тынчтык, сүйүү, боорукердик өкүм сүрөрүн жана алардын туткан динине ылайык жашай турганын байкаганын айткан.

Азербайжанда Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндиги дагы деле чектелип жатат. Ошентсе да бийликтегилер ишенимдештерибизге Кудайга эркин сыйынууга акырындан жол берип келатышат. 2018-жылдын ноябрь айында Азербайжан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн Бакуда расмий түрдө каттаган. Бул каттоо бир туугандарыбызга Баку шаарында Кудайга эркин сыйынууга жол берген, юридикалык күчкө ээ болгон күчтүү далил болуп эсептелет.

Биз Азербайжандагы бир туугандарыбыздын кубанычына ортоктош болуп, өкмөт тарабынан көбүрөөк эркиндик берилип жатканына, теократиялык тарыхында ушундай маанилүү рухий иш-чаранын өткөрүлгөнүнө сүйүнүп жатабыз. Ошондой эле Жахабадан Азербайжанда жана дүйнөнүн бардык жерлеринде «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитүүгө» жумшаган аракетибизге мындан ары да батасын бере берсин деп тиленебиз (Филипиликтер 1:7).