2017-ЖЫЛ, 24-ОКТЯБРЬ
ГРУЗИЯ
Адам укуктары боюнча Европа Соту Грузия өкмөтүнүн айыпты моюнга алганын кабыл алды
2017-жылдын 12-октябрында Адам укуктары боюнча Европа Соту (АУЕС) Грузия өкмөтүнүн 10 Жахабанын Күбөсүнүн укуктарын тепселегенин мойнуна алганын кабыл алганын көрсөткөн чечим чыгарды. Грузия өкмөтү «Габуния жана башкалар Грузияга каршы» деген ишке катыштыгы барлардын ар бирине алар тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн 800 евро (947 АКШ доллары) төлөп берүүгө макул болду. Ушундайча өкмөт алардын Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 9, 14-беренеси кепилдик кылган дин тутуу эркиндигине болгон укугун бузганын жана кодулаганы туура эмес болгонун мойнуна алганын көрсөттү.
2005-жылдын сентябрында 10 Жахабанын Күбөсү АУЕСке доо арыз менен кайрылган. Доо арызда алар 4 жолу православ динин туткан экстремисттердин тукуругу менен кол салган сүрмө топтун ур-токмогуна алынганын билдирген. 1999-жылдын октябрынан тартып, 2003-жылдын ноябрына чейин Жахабанын Күбөлөрү өкмөттүн колдоосу менен жүргүзүлгөн диний куугунтукка туш болуп келишкен. Ал 4 жолку кол салуу да өкмөттүн аларга каршы жүргүзүлгөн иштерине кирген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери да, Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынышына өздөрү катышкандыктан же болбосо аларды коргобогондуктан, айыптуу деп эсептелет.
АУЕС «Габуния жана башкалар Грузияга каршы» деген ишти караганга чейин эле Грузия өкмөтүн ашкерелеген үч чечим чыгарган. Ал чечимдерде АУЕС Грузияны ошол убакта Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун жактабаганын жана зордук-зомбулуктан коргобогону үчүн айыптаган. Ошондой эле укук коргоо органдарынын эч кандай иш-аракет кылбаганы жарандык коомдо «кылмышкерлер бийлик өкүлдөрү менен биргеликте окшойт» деген ойдун туулушуна негиз бериши толук мүмкүн экенин билдирген. Андан сырткары, АУЕС «Грузия өкмөтүнүн кылмышкерлерди жазалабаганы андан ары да бүт өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынышына шарт түзгөн» деген бүтүмгө келген. Мындан тышкары, «Грузиядагы соттордун да доо арыз менен кайрылгандардын зордук-зомбулукка туш болуп жатканына көз жумду мамиле кылып, алардын ишин бейкалыстык жана үстүртөдөн эле карап койгонун» билдирген.
Грузия бир тараптуу декларация толтуруп, анда өкмөттүн жабыркагандардын Европа конвенциясы кепилдик кылган укуктарын бузганын мойнуна алганын билдирген. Муну менен Грузия АУЕСтин өзүнө каршы чыгарылган мурунку 3 чечимге окшогон 4-чечимдин алдын алды. Бүгүнкү күндө сүрмө топтор Грузиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө мурункудай кол салбай калышты, өкмөт тарабынан да куугунтукталган жок. Алар дин тутуу эркиндигине ээ.