Мазмунун көрсөтүү

Эки жылдан бери чогула элек Жахабанын Күбөлөрү 2022-жылдын 1-апрелинен баштап кайрадан Падышалык залдарында чогула башташты

4-АПРЕЛЬ, 2022
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Жахабанын Күбөлөрү кайрадан жүзмө-жүз көрүшүп чогула башташты

Жахабанын Күбөлөрү кайрадан жүзмө-жүз көрүшүп чогула башташты

2022-жылдын 1-апрелинен баштап Жахабанын Күбөлөрү кайрадан жүзмө-жүз көрүшүп чогула башташты. Боордошторубуздун, кандай санаасы болбосун, Падышалык залына киргенде жүздөрүнө күлкү тартылып, көздөрүнө кубанычтын жашы толду. Баары тең Падышалык ырларын шаттана ырдашты.

Кээ бирлери Падышалык залына биринчи жолу барышкан.

Польшада жашаган Кшиштоф Хошовский мындай деп ой бөлүшкөн: «Мен Падышалык залында өткөн жолугушууга биринчи жолу катыштым. Негизи, Ыйык Китепти видеобайланыш аркылуу эле изилдеп келгем. Чөмүлгөнүм да ZOOM аркылуу көрсөтүлгөн болчу. Жүзмө-жүз жолугушуулар кандай болорун видеолордон көрүп жүрсөм да, өзүң катышсаң башкача экен. Бир туугандардын ортосундагы сүйүүнү, кубанычты, мээримдүүлүктү көрүп, жүрөгүм толкуп ташыды».

2020-жылдын март айында COVID-19 илдети дүйнө жүзү боюнча жайыла баштаганына байланыштуу Жахабанын Күбөлөрү жолугушууларын видеоконференция аркылуу өткөрө баштаган. Анткен менен Падышалык залына бара албагандар азыр деле жолугушууларга видеобайланыш аркылуу катыша алышат.

«Эки жылдан бери биринчи жолу кайрадан ишенимдештерим менен жүз көрүшкөнүмө аябай кубандым. Музыка коюлуп, биринчи ырды ырдай баштаганымда, жүрөгүм тим эле толкуп чыкты»,— дейт Эдинбургда (Шотландиядан) жашаган Нейл Кэмпбэлл деген бир тууганыбыз.

Кайрадан бетме-бет көрүшүп баштаганыбызга Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Забур 84:10).

 

Ангола

Армения

Австралия

Чех Республикасы

Эквадор

Германия

Греция

Гвинея

Жапония

Казакстан

Малави

Нидерландия

Филиппин

Румыния

Шотландия

Түштүк Корея

Испания

Судан

Таиланд