9-ЯНВАРЬ, 2023
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР
Рамаподогу курулуш
Рамапо шаардык кеңеши макулдугун берди
2022-жылдын 28-декабрында шаардык кеңеш Рамаподогу курулуш долбоорун баштаганга атайын уруксат алууга макулдугун берди a. Уруксат кагазы кеңселерди, студияларды жана турак жайларды куруш үчүн Рамаподогу аймакты колдонууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле шаардык кеңеш курулуш долбооруна уруксат бергенге чейин (ушул жылдын аягында берет деп күтүп жатабыз), бактарды кыйып, имараттарды кура турган жерди алдын ала даярдай бергенге мүмкүнчүлүгүбүз болот. Атайын уруксат алганыбыздын аркасында курулуш долбоору создуктурулбай жүргүзүлөт.
Курулуш долбоор комитетинде кызмат кылган Дейвид мындай деп бөлүшөт: «Атайын уруксат беришкенине аябай сүйүнүп жатабыз. Курулуш долбоорун баштаганга чейин дагы көп иштер кылынышы керек болсо да, Жахабанын аракетибизге батасын береринен шектенбейбиз».
Рамаподогу курулуш долбоорунун жүрүшү
5-октябрь, 2019
26-июнь, 2020
Долбоор Рамапо шаардык кеңешине көрсөтүлгөн
8-июль, 2020
Шаардык кеңеш менен алгачкы жолугушуу өткөрүлгөн
31-март, 2021
Долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири түшүндүрүлгөн документтин чийки түрү тапшырылган
8-март, 2022
Такседо шаардык кеңеши Рамапо комплексинин кире беришин кеңейтүүгө жана өзгөртүүгө уруксат берген
12-март, 2022
Долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири түшүндүрүлгөн документ кабыл алынып, бийликтегилер тарабынан кол коюлган
9-ноябрь, 2022
Шаардык кеңеш Рамоподогу аймакка кеңселерди жана турак жайларды курганга уруксат берген
28-декабрь, 2022
Шаардык кеңеш Рамоподогу аймакты даярдап, жаңы имараттарды курганга атайын уруксат алганга макулдугун берген
Күтүлүүдө
Долбоорду толук кандуу жүргүзгөнгө уруксат берилиши
a Бул макулдук берилгенге чейин 2022-жылдын 9-ноябрында Рамапо шаардык кеңеши чечим чыгарган. Ал чечим атайын уруксат алганга жана курулушту баштаганга жол ачмак.