Мазмунун көрсөтүү

29-МАЙ, 2020
МАЛАВИ

Малавиде миллиондогон адамдар жыйналыштарга «катышып» жатышат

Малавиде миллиондогон адамдар жыйналыштарга «катышып» жатышат

Малавидеги филиалдын комитети жыйналыш жолугушууларыбыздын программасы жергиликтүү теле-радио каналдарынан көрсөтүлүп, уктурулушуна кам көрдү. Бул өлкөдө 100 000 ашуун бир тууганыбыз бар. Бирок учурда көгүлтүр экрандан көрсөтүлгөн же ободон уктурулган жыйналыш жолугушууларыбыздын программасын Жахабанын Күбөсү болбогон көптөгөн адамдар көрүп же угуп жатышат. Ал жактагы теле-радио берүү компанияларында иштегендердин айтымында, дем алыш күндөрү телевизорду эки миллиондой киши көрсө, радиону сегиз миллиондой угат экен.

Башка көптөгөн өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиздей эле, Малавидеги бир туугандарыбыз социалдык аралыкты сактоого байланышкан буйрукка баш ийип, Падышалык залдарында чогулушпай калды. Анткен менен жарчылардын дээрлик баары телевизор көрүп, радио уга алышат. Ошондуктан Интернети жоктор же видео байланышты колдоно албагандар теле же ободон берилген жыйналыш жолугушууларыбыздын программасынан пайда алып жатышат.

Жыйналыштын программасы өлкөдө негизги тил болуп эсептелген чичева тилинде өткөрүлөт. Телевизордон берилген программанын баары малави жаңдоо тилине удаалаш которулат. Жолугушуунун жалпыга арналган бөлүгүндө баяндамалар айтылгандан сырткары, тасмалар көрсөтүлүп, Ыйык Китептен үзүндүлөр аудиодрама түрүндө окулат. Аягында программаны уккан-көргөндөрдүн баары jw.org сайтыбызга кирип, башка тилдерде кошумча маалымат алууга чакырылат.

Бул теле-радио берүүлөрдүн аркасында Жахабанын Күбөлөрү тууралуу элдин арасында жайылган туура эмес, жалган маалыматтар жокко чыгарылып жатат. Бир киши мындай деди: «Акыркы бир нече жуманын ичинде радиодон силердин окууларыңар жөнүндө угуп келем. Үйрөткөн нерселериңер элдин силер жөнүндө жайылткан калпын бетин ачып жатат. Окууларыңар башка диндердикинен такыр айырмаланат. Анан жүрөккө жеткире окутат экенсиңер». Ал бүт үй-бүлөсү менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдегенге макул болду.

Малавидеги филиалда жалпыга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган Аугустине Семо мындай дейт: «Теле-радио берүүлөр бир туугандарыбызга рухий программадан пайда алганга өбөлгө түзүп келет. Жахабанын Күбөсү болбогон көптөгөн адамдар да Ыйык Китепте чынында эмнелер айтылганын билип жатышат. Жагдай бир аз жакшырганда Падышалык залдарыбызга көп жаңы кишилер келет деген үмүтүбүз бар».

Ушундай оор кезеңде Малавидеги ишенимдештерибиз менен бирге көптөгөн башка адамдар да рухий жактан тамактанып жатканына кубанып жатабыз. Ишенимдүү кулдун буга кам көрүп жатканын көрүү ишенимибизди бекемдеп, ыраазычылыгыбызды арттырат (Матай 24:45).