9-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ
Благовещенск шаарында Алексей Берчук жана Дмитрий Голик айыпталууда
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту экинчи доо арызды да четке какты
2022-жылдын 16-февралында Жалпы юрисдикциянын тогузунчу кассациялык соту Алексей Берчук жана Дмитрий Голик бир туугандарыбыздын доо арызын экинчи жолу четке какты. Алар түрмөдө калышты.
2021-жылдын 2-сентябрында Амур облустук соту Алексей менен Дмитрий бир туугандарыбыздын доо арызын четке каккан. Алексейге каршы чыгарылган сот өкүмү өзгөрүлгөн эмес. Дмитрийдин жаза мөөнөтү болсо 10 айга кыскартылган. Аларды тергөө камак жайынан түрмөгө которушкан.
Орусиянын соту эки ишенимдешибизди эң узак мөөнөткө түрмөгө кести. 2017-жылдан бери эч ким мынчалык узак мөөнөткө кесиле элек болчу.
2021-жылы 30-июнда Амур облусундагы Благовещенск шаардык соту Алексей Берчукту сегиз жылга, ал эми Дмитрий Голикти жети жылга эркинен ажыратты. 2017-жылы Орусияда ишибизге тыюу салынгандан бери бир ишенимдешибиз жети жарым жылга түрмөгө кесилген. Башка эч ким андан узак мөөнөткө түрмөгө камала элек болчу. Жогоруда аты аталган эки ишенимдешибизди сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишти.
Жеке маалымат
Алексей Берчук
Туулган жылы: 1975 (Карталы шаары, Челябинск облусу)
Кыскача таржымалы: Куруучу болуп иштечү жана жыгач устачылык менен алектенчү. Ыйык Китепти 1990-жылдары изилдей баштаган. Кийин зордук-зомбулук менен коштолгон спорт оюндарынан баш тарткан. Достору менен футбол ойногонду жакшы көрөт. 1998-жылы чөмүлгөн. Жубайы Аннага 2008-жылы үйлөнгөн
Дмитрий Голик
Туулган жылы: 1987 (Тохой кыштагы, Бурятия Республикасы)
Кыскача таржымалы: Кытай тилинен орус тилине которгон котормочу болуп иштейт. Оор нерселерди көтөрүп машыкканды, футбол ойногонду, гитара черткенди жакшы көрөт
Ал бүт үй-бүлөсү менен чогуу 1990-жылдары Ыйык Китепти изилдей баштаган. 2002-жылы болсо чөмүлгөн. Аскерге чакырылганда альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү суранган. Ошондо аны карылар үйүндө иштегенге дайындашкан. Жубайы Кристина экөө 2012-жылы баш кошушкан. Алар Кудайга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн англис жана кытай тилдерин үйрөнүп жатышат
Иштин чоо-жайы
2018-жылдын башында өкмөттүн кишилери Дмитрийдин үйүнө аудио жана видео жаздырган шайманды билгизбей орнотуп кетишкен. Ал эми 2018-жылдын июнунда Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) Благовещенск шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жети үйүн тинтишкен. Натыйжада Алексей Берчук менен Дмитрий Голикке каршы кылмыш иши козголгон. Аларга экстремисттик деп эсептелген уюмдун иштерин уюштурууда деген айып коюлган.
Алексей ага кылмыш иши козголгонун билген эмес. Аны 2019-жылы, 21-январда Москва шаарындагы «Домодедово» аэропортунда паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда, кармап кетишкен. Андан соң Федералдык коопсуздук кызматынын башкы тергөөчүсү аны ал жашаган шаарга коштоп келген. Учурда Алексей бир тууганыбыз өзүнүн шаарынан башка жакка чыга албайт.
Айыпталган бул эки ишенимдешибиз тең ушундай жагдайларга алдын ала даярдануунун маанилүү экенин түшүнүшкөн. Дмитрий: «Албетте, жакшыга үмүттөнүш керек, бирок жаманына да даяр болушубуз керек экен»,— деген. Анан мындай деп кошумчалаган: «Куугунтукка алдын ала даярданганым аябай жакшы болуптур. Бирок, баарынан да маанилүүсү, Кудайга болгон ишенимимди бекемдегениме сүйүнөм. Анткени куугунтук учурунда канчалык акылдуу болгонубуз же бизди куугунтуктагандардан жашынганды канчалык жакшы билгенибиз эмес, Кудайга болгон берилгендигибизди сактайбызбы, ошол маанилүү. Иса деле душмандарынан оңой эле жашынып кала алмак. Бирок анын максаты андай эмес болчу. Анын шакирттери болгондуктан биз да кыйынчылыктардан качууга аракет кылбайбыз. Биздин максатыбыз — кыйынчылыктарды кайраттуулук менен көтөрүү».
Ал эми Алексей мындай деп бөлүшкөн: «„Эч качан менин башыма мындай нерсе келбейт“,— деп ойлоо жаңылыштык болуп калар эле. Анткени Жахаба куугунтукка туш болушубузга жол берип жатат. Эгер ушуну акылыбыз менен түшүнсөк, кыйынчылыкка кабылганда көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Аны кабыл алып, туруктуулук сактоо, Жахабанын жардам берерине ишеним артуу жеңил болот».
Биз Орусиядагы ишенимдештерибиздин, анын ичинде Алексей менен Дмитрий бир туугандарыбыздын, забурчудай болуп, мындан ары да: «Кудай — менин жардамчым, Жахаба жаныма колдоо көрсөткөндөрдүн арасында»,— деп айта береринен шектенбейбиз (Забур 54:3, 4).