17-АВГУСТ, 2021
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Василий Мелешко — Краснодар крайындагы шашылыш соттолуп, күнөөлүү деп табылган төртүнчү Жахабанын Күбөсү
2022-жылдын 14-июнунда Жалпы юрисдикциянын төртүнчү кассациялык соту Василий Мелешконун доо аразын канааттандырган жок. Василий ишеними үчүн түрмөдө отурат.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жылдын 7-октябрында Краснодар крайынын Абинск райондук соту Владимир Мелешко бир тууганыбыздын доо арызын четке какты. Ага чыгарылган алгачкы чечим күчүндө калды
2021-жыл, 11-август
Краснодар крайынын Абинск райондук соту эки күнгө созулган сот отурумунан кийин Василий Мелешко бир тууганыбызды күнөөлүү деп таап, үч жылга түрмөгө кесип жиберди. Аны сот залынан дароо эле абакка алып кетишти. Ушул эле сот буга чейин үч ишенимдешибиздин ишин шашылыш карап, аларды күнөөлүү деп тапкан a. Василий бир тууганыбыз — төртүнчүсү
2021-жыл, 10-август
Василийге каршы козголгон кылмыш иши боюнча сот башталган. Сот суроо узатканда, Василий бир тууганыбыз Жахабанын Күбөсү экенин ачык эле айткан
2021-жыл, 24-июнь
Василий менен Александр Ившин бир тууганыбыздын мурун сүйлөшкөн сөздөрүн сот Василийге каршы козголгон кылмыш ишинин тизмесине киргизген. Айыптоочу алардын маегин «Жахаба Кудайга кызмат кылууга» байланыштуу тема деп эсептээрин билдирген
2021-жыл, 12-апрель
Василийге «диний мазмундагы адабиятка негизделген баяндама айткан жана ошондой баяндама уккан» деген айып коюлган. Ошондой эле «диний китептерди топ менен талкуулаганга катышкан» жана башка ушу сыяктуу иштерди кылган деп да айыпталган
2021-жыл, 7-апрель
Таңкы 6:30да куралчан үч коопсуздук кызматкери, төрт тергөөчү жана эки полиция кызматкери Василий менен Зоя Мелешколордун үйүнө күчкө салып кирип, тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк Василийди суракка алыш үчүн алып кетишкен. Тергөөчү аны үйүнүн алдына жана ишенимдештерибиз мурда Кудайга сыйыныш үчүн чогулуп жүргөн имараттын алдына тургузуп, сүрөткө тартып алган. Анан ошол сүрөттөрдү анын «кылмышын» далилдеш үчүн колдонгон. Василийге жашаган жеринен башка жакка барууга тыюу салынган
Жеке маалымат
Орусиядагы соттордун ишти шашылыш карап, ишенимдештерибизди куугунтуктап жатканы биз үчүн «суук кабар» болсо да, Василий бир тууганыбыз менен анын үй-бүлөсүнүн ишеними козголбой, «Жахабага таянарынан» кенедей да шектенбейбиз (Забур 112:7, 8).
a Олег Данилов бир тууганыбыз 2021-жылы 30-мартта үч жылга түрмөгө кесилген. Александр Ившин бир тууганыбыз болсо 2021-жылдын 10-февралында жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Александр Щербина бир тууганыбыз 2021-жылы 6-апрелде үч жылга түрмөгө камалган.