3-ФЕВРАЛЬ, 2022
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Жахабанын күчү менен Алексей Смелов куугунтукка чыдоодо
2022-жылдын 27-сентябрында Карелия Республикасынын Жогорку соту Алексей Смеловдун доо арызын четке какты. Эми ал ага салынган айып пулду төлөөгө милдеттүү болот.
2022-жылдын 21-апрелинде Карелия Республикасынын Кондопога шаарынын шаардык соту Алексейди айыптуу деп тапкан. Ал 400 000 рубль (5 012 АКШ долларын) айып пул төлөөгө милденттендирилген.
Жагдайдын өрчүшү
2019-жыл, 23-июль
Алексейге каршы кылмыш иши козголгон. Ага тыюу салынган уюмдун иштерин жүргүзгөн, жолугушууларды уюштурган жана башкаларды «үгүттөгөн» деген айып коюлган
2019-жыл, 31-июль
ФККнын кызматкерлери Кондопога менен Петрозаводсктогу Жахабанын Күбөлөрүнүн 15 үйүн жана жумуш ордуларын тинтишкен. Алар Алексейдин үйүн тинтиш үчүн өздөрүн сантехниктербиз деп тааныштырган. Алексей менен жубайы Иринаны ФККнын кеңсесине алып барышып, суракка алышкан. Андан соң Алексейди Петрозаводсктогу ФККнын филиалына алып кетишкен. Аны түнкү 11 жарымда коё беришкен. Ага өзүнүн шаарынан башка жакка чыгууга тыюу салышкан
2019-жыл, 7-август
Алексейге каршы Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 282.2 беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон
2020-жыл, 9-апрель
COVID-19 пандемиясына байланыштуу тергөө иши токтотулган
2020-жыл, 8-июнь
Тергөө иши кайра башталган
Жеке маалымат
Биз да, Алексейдей болуп, Жахабанын куугунтукталган кызматчыларына жардам бериш үчүн мындан ары да «өзүнүн күчүн... колдоно» береринен шектенбейбиз (2 Жылнаама 16:9).