31-АВГУСТ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 26-ЯНВАРЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ИШЕНИМДЕШИБИЗ АЙЫПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ | «Жахаба мага мени тайманбай колдогон... досторду берди»
2023-жылдын 24-январында Кемерово облусундагы Кузнецский райондук соту Сергей Сушильниковду айыптуу деп тапты. Ал ишенимдешибиз алты жылга шарттуу соттолду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт.
Жагдайдын өрчүшү
2019-жыл, ноябрь
Тергөөчүлөр Сергейдин телефон менен сүйлөшкөндөрүн тыңшап, үйүнө жашыруун камераларды коюп кетишкен
2021-жыл, 3-июнь
Кылмыш иши козголгон
2021-жыл, 8-июнь
Үйүн тинтишкен. Сергей менен жубайын суракка алыш үчүн алып кетишкен
2021-жыл, 15-июль
Экстремисттердин тизмесине киргизип, банк эсебин бууп коюшкан
2022-жыл, 8-февраль
Экстремисттик уюмдун иштерин уюштуруп, аларды улантууда деген айып коюлган. Башка жакка чыгууга чектөө коюлган
2022-жыл, 30-март
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Жахаба ишенимдүү кызматчыларына «кыйынчылык учурунда» дайыма жардам берерин билүү бизди жубатат! (Забур 46:1).