18-МАЙ, 2022| ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 12-МАРТ, 2024
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Жахаба Инвер Сиюховду күч-кубатка толтурууда
2024-жылдын 7-мартында Адыгея Республикасынын Майкопский шаардык соту Инвер Сиюховду айыптуу деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты. Ал 2021-жылдын апрелинен бери убактылуу тергөө камак жайында болчу. Инвер азырынча түрмөдө кала берет.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 15-апрель
Видеоконференция аркылуу жолугушууларды өткөргөнү үчүн айыпталган
2021-жыл, 16-апрель
Бийликтегилер Инвердин, ошондой эле дагы төрт Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Инверди суракка алып, убактылуу тергөө камак жайына камап коюшкан
2021-жыл, 17-апрель
Тергөө камак жайына жөнөтүлгөн
2021-жыл, 15-август
Майкоптон 110 чакырым алыстыкта жайгашкан катуу режимдеги түзөтүү абагына көчүрүлгөн
2021-жыл, 13-сентябрь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Орусиядагы сүйүктүү ишенимдештерибиз мындан ары да «Теңирден күч алып, анын кудуреттүү күчү менен кайраттана» беришет (Эфестиктер 6:10).
a Инвер бир тууганыбыз учурда тергөө камак жайында отургандыктан, андан дил маек ала албай калдык.