Мазмунун көрсөтүү

Олег Данилов

31-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Кыска мөөнөттүн ичинде эле жүргүзүлгөн сот иштеринен кийин Олег Данилов 3 жылга түрмөгө кесилип кетти

Кыска мөөнөттүн ичинде эле жүргүзүлгөн сот иштеринен кийин Олег Данилов 3 жылга түрмөгө кесилип кетти

Жаңыртылган маалымат | Орусиянын соту Олег Даниловдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2021-жылы 25-майда Краснодар крайынын соту Олег Даниловдун ишине байланышкан доо арызды канааттандыруудан баш тартты. Олег Данилов үч жылга түрмөгө кесилген болчу. Ал чечим өзгөрүүсүз күчүндө калды

Өкүм

Краснодар крайынын Абинск райондук соту Олег Даниловго каршы козголгон ишке байланыштуу чечимин 2021-жылдын 30-мартында жарыялаган. Ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Аны сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишкен.

Жеке маалымат

Олег Данилов

  • Туулган жылы: 1974 (Усолье-Сибирское, Сибирь)

  • Кыскача таржымалы: 1958-жылы чоң аталары Сибирге сүргүнгө айдалган Жахабанын Күбөлөрүнөн Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билишкен. Аны Жахабанын Күбөсү болгон ата-энеси тарбиялаган. 1991-жылы чөмүлгөн

  • 1995-жылы Наталья деген кызга үйлөнгөн. Экөөнүн эки уулу бар. Саякаттаганды, жаратылышка чыгып чогуу убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт

Иштин чоо-жайы

Олегдин үйүн биринчи жолу 2020-жылдын 29-апрелинде тинтишкен. Полиция кызматкерлери тыюу салынган эч кандай материалдарды табышкан эмес. Анткен менен Олегдин жана үйүндөгүлөрүнүн телефондорун, ошондой эле башка буюм-тайымдарын алып кетишкен. Кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок болсо деле 2020-жылдын ноябрь айында Олегге каршы кылмыш иши козголгон. Ага «диний сабактарды өткөрдү, сөз сүйлөдү жана Ыйык Китепти талкуулашууга катышты» деген айыптарды тагышкан.

2020-жылдын 2-декабрында таңкы саат 6да күч органдары Олегдин үйүн экинчи жолу тинтишкен. Бул жолкусунда бардык жерди аңтарышкан. Андан соң аны полиция кеңсесине алып кетишип, суракка алышкан.

Сот Олегдин ишин тездетип, биринчи сот отурумду 2021-жылдын 23-мартына белгилеген. Ишти О. И. Комиссаров деген тергөөчү алып барган. Ал 63 жаштагы Александр Ишвиндин да ишин алып барган болчу. 2021-жылы февралда Александр бир тууганыбыздын да иши кыска мөөнөттүн ичинде каралып, эң эле катаал өкүм чыгарылган. Аны жети жарым жылга түрмөгө камашкан.

Албетте, бул окуялардан улам Олег да, үй-бүлөсү да кыйналып жатышат. Бирок биз Жахабанын алардын кылган кызматын, анын ысмы үчүн көрсөткөн сүйүүсүн эч качан унутпай турганына толук ишенебиз (Еврейлер 6:10).