Мазмунун көрсөтүү

Дмитрий Бармакин камактан бошотулгандан кийин жубайы Елена менен

19-НОЯБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиянын соту 447 күндөн бери камакта отурган Дмитрий Бармакинди бошотту

Орусиянын соту 447 күндөн бери камакта отурган Дмитрий Бармакинди бошотту

Дмитрий Бармакин 447 күн тергөө камак жайында отургандан кийин 2019-жылдын 18-октябрында үй камагына чыгарылып, кайрадан жубайы Елена менен чогуу жашоодо. Алардын баш кошконуна 13 жыл болуп калган.

Дмитрийди 2019-жылдын 28-июлунда беткапчан, куралданган полиция кызматкерлери анын жубайынын 90 жаштагы чоң апасыныкында отурганда кармап кетишкен. Ага Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иштерине катышууда деген айып тагышкан. Владивостоктун Перворечен райондук соту аны эки айга тергөө камак жайына камаган. Андан кийин анын камакта отуруу мөөнөтүн сегиз жолу узарткан.

Сот отурумдарынын биринде судья Дмитрийдин Кудайга сыйынганын «конституциялык тартипке жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыш» деп жарыялаган. Мындай жалган айып Орусия Федерациясынын конституциясынын 28-беренесине каршы келет. Анда бардык жарандардын «өзү каалаган динди тандоого, тутууга жана ал тууралуу башкаларга айтууга, ал динге ылайык жашоого укуктуу» экени так-даана жазылган.

Дмитрий Бармакиндин бошотулганы ага каршы козголгон кылмыш ишин жокко чыгарган жок. Ошентсе да Владивостоктун Перворечен райондук сотунун судьясы Станислав Сальниковдун аны камактан бошотконуна кубанып жатабыз.

Биз Жахабанын Орусиядагы ишенимдештерибизди, өзгөчө, түрмөгө камалган же үй камагына алынган ишенимдештерибизди мындан ары да колдоп, кайраттандыра берерине толук ишенебиз. Дмитрий сыяктуу ишенимдештерибиз эр жүрөк, ишенимдүү болуу жагынан бүткүл дүйнө жүзүндөгү боордошторубузга мыкты үлгү көрсөтүп жатышат (Филипиликтер 1:13, 14).