2017-ЖЫЛ, 21-ИЮНЬ
ОРУСИЯ
Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн диний жолугушууну токтоткону көрсөтүлгөн тасма
НЬЮ-ЙОРК. Орусиянын негизги телеканалында, Борбордук федералдык округунда көрсөтүлгөн жаңылыктарда, 2017-жылдын 25-майында Федералдык коопсуздук кызматынын куралчан кызматкерлери Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тынчтыкта өткөрүп жаткан жолугушуусуна кирип келип, жолугушууну токтоткону жөнүндөгү тасма көрсөтүлгөн.
Ал тасмадан Даниянын жараны болгон Деннис Кристенсендин бийлик өкүлдөрүнө токтоолук, сабырдуулук менен сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Ошол текшерүүдө аны кармап кетишкен. Ал азыркыга чейин тергөө камак жайында отурат.
Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Бул тасма Жахабанын Күбөлөрү бийлик өкүлдөрү алардын Ыйык Китепке негизделген жолугушуусун токтотуп, коркутуп-үркүткөнүнө карабай, тынчтыкка умтулган эл экенин айкын тастыктап турат. Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарылган чечимди жокко чыгармайынча дин тутуу эркиндигин тепселеген мындай иш-аракеттердин улана берери бышык. Камак жайда отурган ишенимдешибиз Деннис Кристенсенге жубайы менен жолугууга жана телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салынган. Биз ал бир тууганыбыз үчүн аябай тынчсызданып жатабыз. Адилетсиз түрдө камалган ал бир тууганыбыздын жакында бошотуларына үмүттөнөбүз».
Байланышуу:
Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000