Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 13-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Орусияда Жахабанын Күбөсү болгон жубайлар камакка алынды

Орусияда Жахабанын Күбөсү болгон жубайлар камакка алынды

Орусиядагы Омск шаарында бийликтегилер Жахабанын Күбөсү болгон жубайларды, Сергей Поляков менен анын жубайы Анастасияны, 2018-жылдын 6-июлунда тергөө камак жайына камашты. Анастасия Полякова — Орусиядагы Жогорку сот Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган чечим чыгаргандан бери камалган эже-карындаштарыбыздын биринчиси.

Москвадагы «Сова» маалымат-аналитикалык борбору бул тууралуу мындай деп билдирди: «Биз мындай чечим чыгышына, ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн баарынын куугунтукталышына мыйзамдуу түрдө эч кандай негиз жок экенине ишенебиз жана муну диний басмырлоо деп эсептейбиз».

Учурда Орусияда 21 ага-инибиз жана 1 эже-карындашыбыз ишеними үчүн камакта отурат. Биз дайыма жардам берип, колдоп турган Жахабадан аларга күч-кайрат беришин сурап тиленип турабыз (Еврейлер 13:6).