2017-ЖЫЛ, 20-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ
Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чечим чыгарды
НЬЮ-ЙОРК. Эки жумадан бери алты сот отуруму өттү. Алтынчы сот отурумунда, бүгүн, Орусия Федерациясынын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин доо арызын канааттандырып, Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жана бүтүндөй өлкөдөгү 395 жергиликтүү диний уюму жоюлсун деген чечим чыгарды. Чечим дароо ишке ашырылат.
«Соттун ушундайча аяктаганы бизди абдан капалантты. Бул чечим биздин диний иштерибизге кандай таасир этерине тынчсызданып жатабыз,— дейт Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Ярослав Сивульский.— Биз дат арызы менен кайрылабыз жана тынчтыкты көздөгөн диний уюмубуздун укуктары корголоруна жана акталарыбызга үмүттөнөбүз».
Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү 30 күндүн ичинде үч соттон турган сот коллегиясына дат арыз менен кайрыла алат.
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000
Орусия: Ярослав Сивульский, тел: +7-911-087-8009